11 облус жабыр тарткан жер титирөөдөн кийин дүйнөдөн Түркияга жардамдар келүүдө

Жо Байден Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркаган качкындардын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн 50 миллион долларга чейин жардам берилерин билдирди.

1951477
11 облус жабыр тарткан жер титирөөдөн кийин дүйнөдөн Түркияга жардамдар келүүдө

Кахраманмарашта 6 - февралда болгон жана «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн жана 11 облус жабыр тарткан жер титирөөдөн кийин дүйнөдөн Түркияга жардамдар келүүдө.

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркаган качкындардын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн 50 миллион долларга чейин жардам берилерин билдирди.

Байден жардамдардын жер титирөөдөн жабыркаган  качкындарга, жер которгондоргожардам берүү үчүн эле аралык мекемелер менен бейөкмөт  уюмдарга чегерүү менен Тышкы иштер министрлигине караштуу качкындар жана миграция бюросунун административдик чыгымдарынын төлөнүшүн камтыгандыгын белгиледи.

Белгилүү америкалык модель Белла Хадид Нью -Йорктогу Туркевине (Түрк үйү) барып, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам кутучаларын калтырды.

2 апта мурда жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн видео аркылуу чакыруу салган, "Жеймс Бонддун" ролун аткарган англиялык актёр Дэниел Крейг да 101 миллион фунттан ашык жардам чогултту.

Түркиянын Сенегалдагы Дакар элчилигинде уюштурулган тилектештик программасында жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн түн ичинде 1,5 миллион түрк лирасы чогултулду.

Италияда Рим муниципалитети жана жарандык коргонуунун кызматташуусунда Түркиядагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жеткирүү үчүн 6 пунктта  жардам чогултуу борборлору түзүлдү.

Канаданын Эл аралык өнүгүү министри Харжит Саджан жана тышкы иштер министри Мелани Жоли биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Канаданын Түркия жана Сирияга кошумча 20 миллион долларлык гуманитардык жардам бере турганын жарыялашты.

Азербайжандын борбор шаары Бакуда Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн базар уюштурулду. Бакуда жашаган азербайжан жана түрк аялдары тарабынан даярдалган тамак - аш жана суусундуктардан келе турган киреше  AFADга берилет.



Тектеш кабарлар