Жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн чет өлкөлөрдөн жардамдар тынымсыз келип жатат...

Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана «кылымдын апааты» деп сыпатталган 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдө жабыркагандар үчүн чет өлкөлөрдөн жардамдар жөнөтүлүп жатат.

1948462
Жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн чет өлкөлөрдөн жардамдар тынымсыз келип жатат...
deprem yardım.jpg
deprem yardım.jpg
Kırgızistan Türk Okulalrı Deprem yardım4.jpg
Türkmenistan Yardım 4.jpg

Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана «кылымдын апааты» деп сыпатталган 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдө жабыркагандар үчүн Орусияда чогултулган жардам материалдарынын 200 тоннага жеткени билдирилди.

Түркиянын Москва элчилигинин билдирүүсүндө Орусияда чогулган жалпы жардам материалынын 200 тоннага жеткени белгиленип: «Кайрымдуулук кылгандарга, жардамды пакетке салып аэропортко жеткирүүгө жардам бергендерге жана Түрк аба жолдорунун (THY) командасына ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдиребиз»,- деп билдирилди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жер титирөөдөн кийин апааттан жапа чеккендер үчүн Түркия жана Сирияга гуманитардык жардамдын 185 миллион долларга көтөрүлгөнүн жарыялады.

Энтони Блинкен Твиттердеги билдирүүсүндө ушул убакка чейин берилген 85 миллион долларлык жардамга кошумча дагы 100 миллион долларлык гуманитардык жардам бериле турганын жарыялады.

Блинкен, «АКШ түрк жана сирия элдеринин жанында болушун улантат»,-деди.

Босния-Герцеговинанын католик жамааты очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн улам Түркия жана Сириядагы кырсыктан жабыркагандарга жардам чогултту.

Католик жамааты өлкө боюнча өткөрүлгөн жекшембилик сыйынууда жамаат мүчөлөрүн Түркия жана Сириядагы кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүүгө чакырса, борбор Сараеводогу «Иса жүрөгү» соборунда жардам кутулары ачылды. Католик коомчулугунун билдирүүсүндө, «Жер титирөөдөн жабыр тарткандарга кандай болбосун моралдык колдообузду билдиргибиз келет жана жер титирөөдө каза болгондордун рухтарына Кудайдан ырайым тилейбиз. Түркия жана Сирия эли үчүн чогултулган жардамдарга катышып жатабыз»,делди.

Очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга Сербия да жардам жөнөттү.

Серб өкмөтү тарабынан даярдалган натуралдык жардам Түрк аба жолдорунун (THY) жүк учагы менен Түркияга жөнөтүлдү.

Газиантепке 29 кышкы чатыр, 500 жууркан, 2 газ козу карын жылыткыч, 50 мобилдик ажаткана, 1 генератор, 150 5 кишилик ашкана комплекти жана 500 желим чакадан турган натуралай жардам жөнөтүлдү.

НАТО Кахраманмараштагы жер титирөөдөн кийин Түркияга жөнөтүлө турган 1000ден ашуун контейнердин алгачкы 600үн ташыган кеменин Италиядан кеткенин жарыялады. Жеткирүү жер титирөөдөн жабыркаган кеминде 4000 кишини убактылуу баш калкалоочу жай менен камсыз кылууну көздөйт.

Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн чогултулган жардамды ташыган учактардын санынын 118ге жеткенин жарыялады.

БАЭ кабар агенттиги WAM 42си Түркияга, 76сы Сирияга жалпы 118 учак менен 3375 тонна азык-түлүк, дары-дармек жана чатыр жеткирилгенин белгиледи.

Угандалык мусулман студенттер Кахраманмараштагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 10 миң доллар жардам көрсөтүштү.

АКШда жашаган пакистандык дарыгерлер жер титирөөдөн улам Түркияга 365 миң доллардан ашык жардам көрсөтүштү.

Катар жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Түркияга дагы 3 учак жөнөттү. Учактарда 90 мобилдик ажаткана, 25 генератор, уктоочу каптар жана кышкы чатырлар бар.

Иордания да Кахраманмарашка учак менен 12 тонна гуманитардык жана медициналык жардам жөнөттү. Иорданияда иш алып барган түрк мекемелери чогулткан жардамдын бир бөлүгү ошол эле учак менен Кахраманмарашка жеткирилди.

 

 



Тектеш кабарлар