Пакистандын премьер - министри Шахбаз Шариф Адыяманда

Адыяманда Пакистандын издөө -  куткаруу тобунун аткарган иштерин иликтеген Шариф бул жерде Пакистан тобу куткарган үй  - бүлөлөр менен жолугушту.

1947840
Пакистандын премьер  - министри Шахбаз Шариф Адыяманда
sahbaz serif adiyaman deprem.jpg
sahbaz serif adiyaman.jpg
sahbaz serif adiyaman deprem.jpg

Пакистандын премьер  - министри Шахбаз Шариф 6 -  февралда болгон жана "кылымдын апааты" деп мүнөздөлгөн, 11 облусту таасири астына алган 7,7 жана  7,6 баллдык Кахраманмараш жер титирөөсүнөн кийин  Адыяманда иликтөө жүргүздү.

Учак менен Адыяман аэропортуна барган Шарифти Транспорт жана инфрамтруктура министри Адил Караисмаилоглу менен Соода министри Мехмет Муш тосуп алды. Шариф бул жерде Пакистандан алып келинген жардамдарды түрк жетекчилерге тапшырды. 

Адыяманда Пакистандын издөө -  куткаруу тобунун аткарган иштерин иликтеген Шариф бул жерде Пакистан тобу куткарган үй  - бүлөлөр менен жолугушту. 

Шахбаз Шариф, Караисмаилоглу жана Муштан жер титирөө тууралуу маалымат алды. 

"Биз Түркия менен бир үй - бүлөбүз",- деген Шариф  Түркия жана Пакистандын бир жүрөктүн ичиндеги эки эл, эки рух сыяктуу экендигин айтты. 

Пакистандын издөө -  куткаруу жана саламаттыкты сактоо топтору менен бирге кышкы чатыр, жууркан жана башка негизги жардам материалдарынын тездик менен Түркияга алып келингендигин айткан Шариф : "Шаардагы кыйроону көрдүм.  Үйлөр, иш жерлеринин баары жер менен бир болуптур. Боордошум президент Режеп Таййип Эрдогандын жана өкмөтүнүн, эр жүрөк түрк калкынын талыкпай иштеп, кризистен өтөрүнө ишенем",- деди.  



Тектеш кабарлар