Кахраманмараш жер титирөөсүндө каза болгондордун саны 39 миң 672ге жетти
Бул тууралуу ички иштер министри Сүлейман Сойлу билдирди.
1947971
Эпицентри Кахраманмараш болгон жана 11 облусту таасири астына алган 7.7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 39 миң 672ге жетти.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу жер титирөө апаатынын 12 - күнүндө жалпы каза болгондордун саны 39 миң 672ге жогорулагандыгын жарыялады.
Сойлу чыгымдарды аныктоо иштери тууралуу : "Ушул кезге чейин издөө - куткаруу иштери жүргүзүлгөн имарат саны 20 миңден ашты, 82 имарат кыйраган жана кыйратылат же чоң зыян тарткан",- деди.