Столтенберг Түркияга келет

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг эртең Түркияга келип, президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуп,  жер титирөөдөн улам тилектештиктерин билдирерин белгиледи.

1946934
Столтенберг Түркияга келет

 НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг эртең Түркияга келип, президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуп,  жер титирөөдөн улам тилектештиктерин билдирерин белгиледи.

Столтенберг НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынын акырында өткөргөн пресс  - жыйында НАТОнун Түркияга көрсөткөн колдоосу жана эртең Түркияга жасай турган сапары тууралуу маалымат берди.

Кахраманмараштагы жер титирөөдөн улам бардык шериктештердин Түркияга терең кайгыруу менен колдоо көрсөткөндөрүн баса белгилеген Столтенберг : "НАТО  өнөктөштөрү жана НАТО жардамдарын көбөйтүштү",- деди.

НАТОнун шериктештердин жардамы менен бирге баш калкалоочу жайларды да жибере турганын эске салган Столтенберг бир нече күндүн ичинде Түркияга жөнөтүлө тургандыгын айтты.

«Президент Эрдоган жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугуп, тилектештигимди билдирип, көңүл айтуу үчүн эртең Түркияда болом»,-деген  Столтенберг жолугушууларында НАТО менен  өнөктөштөрүнүн жардамдарынын координациясына да баа берерин айтты.

НАТОнун коргоо министрлеринин кечээки жыйынын бир мүнөттүк эскерүү менен ачкандарын эске салган Столтенберг : «Түркияга көрсөткөн колдоосу үчүн шериктештерибизге рахмат айтам. Бүгүн Коргоо министрлеринин жыйынын бардык өнктөштөрдү дагы көп жардам  жана стратегиялык жардамдарды көбөйтүүгө чакырдым",- деди.

Кахраманмарашта 6-февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр 10 провинция менен Сирияда миңдеген адамдын өмүрүн алып, «кылым каргашасы» деп мүнөздөлүүдө.



Тектеш кабарлар