Эрдоган: «Урандылардын астынан куткарылгандардын саны 8 миңден ашты»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) өткөрүлгөн Дүйнөлүк өкмөт саммитине жөнөткөн видео кайрылуусунда Түркиядагы жер титирөөлөргө токтолду.

1946304
Эрдоган: «Урандылардын астынан куткарылгандардын саны 8 миңден ашты»

Президент Режеп Таййип Эрдоган 6-февралда очогу Кахраманмарашта болуп 10 облус жана Сирияга таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин издөө-куткаруу топтору тарабынан урандылардын астынан куткарылгандардын саны 8 миңден ашканын билдирди.

Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) өткөрүлгөн Дүйнөлүк өкмөт саммитине жөнөткөн видео кайрылуусунда Түркиянын 6-февраль дүйшөмбү күнү күчү 7,7 жана 7,6 баллдык эки жер титирөө менен термелгенин эске салып, сөзүн мындай улады: «13,5 миллион жаран жашаган 10 провинцияда 500 чакырым аянтты каптаган жер титирөөлөр тилекке каршы чоң кыйроого алып келди. Жер титирөө сезилген коңшу шаарлар менен бирге кырсыктан жабыркаган калктын саны 20 миллионго жакындайт. Илимпоздор бул жер титирөөлөрдүн натыйжасында бөлүнүп чыккан энергиянын 500 атом бомбасындай күчтүү экенин айтышууда.

Биз өлкөбүздө гана эмес, адамзат тарыхындагы эң чоң табигый кырсыктардын бирине туш болуп жатабыз. «Кылымдын апааты» деп сыпатталган бул жер титирөөдө кыйраган миңдеген имараттардын урандыларын тазалаган сайын, тилекке каршы жоготууларыбыздын саны өсүүдө. Жер титирөөдөн жаракат алып аман калган 81 миңден ашуун жараныбыздын бир топ бөлүгүн оорукандан чыгардык. Калганын дарылоону улантабыз. Издөө-куткаруу топторубуздун урандылардын астынан куткарган адамдардын саны 8 миңден ашты»,-деди.

Эрдоган, жер титирөөнүн алгачкы мүнөттөрүнөн тарта мамлекет жана улут кырсык болгон аймак үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялаганын, эл аралык жардамдарды кошкондо 4-деңгээлдеги коңгуроо абалы жарыяланганын баса белгилеп, жер титирөө болгон аймактарда өзгөчө кырдаал режимин баштагандарын белгиледи.

Кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү үчүн мамлекеттин тиешелүү мекемелери, бейөкмөт уюмдар жана ыктыярчылар чоң аракет кылып жатканын билдирген Эрдоган: «Бир тараптан издөө-куткаруу жана таштандыларды чыгаруу иштерин жүргүзүп жатсак, экинчи жагынан чатырларды, контейнерлерди жана курама конструкцияларды орнотууну тездетип жатабыз. Кыйраган шаарларыбызды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү иштерин тез арада баштайбыз деп ишенем. Түрк мамлекети катары бул апааттын чыгымын улутубуз менен бирге эң кыска убакытта калыбына келтиребиз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган саммитти өткөргөн Бириккен Араб Эмирликтери менен катар 100дөн ашуун өлкөдөн келген колдоо жана көңүл айтуу билдирүүлөрүнө ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар