Жер титирөөдө каза болгон адамдардын саны 31 миң 643кө жетти

Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) билдирүүсүндө 10 облуста болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 31 миң 643кө жетти.

1945753
Жер титирөөдө каза болгон адамдардын саны  31 миң 643кө жетти

Очогу Кахраманмараш болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн бир жума өткөн соң каза болгондордун саны 31 миң 643кө жетти.

Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) билдирүүсүндө 10 облуста болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 31 миң 643кө жетти.

Билдирүүдө жаракат алгандардын саны 80 миң 278 деп белгиленди.

Ошол эле учурда вице-президент Фуат Октай: «Талаада издөө-куткаруу максатында 34 717 кызматкер бар. Алар бардык күчү менен иштөөнү улантууда»,-деп билдирүү жасады.

Тышкы иштер министрлиги болсо көптөгөн өлкөлөрдөн 10 миңге жакын кызматкердин бул тармактагы иштерине колдоо көрсөткөнүн белгиледи.

Өткөн аптада 10 провинцияда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдардын өмүрүн алып, «кылымдын апааты» деп сыпатталууда.



Тектеш кабарлар