Эрдоган жер титирөө болгон аймакта

Хатайда иликтөөлөрдү жасаган Эрдоган, издөө-куткаруу иштерине жооптуу министрлерден брифинг алгандан кийин маалымат берди.

1944065
Эрдоган жер титирөө болгон аймакта
cumhurbaskani erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кахраманмарашта 6-февралда болгон жер титирөөдө каза болгондордун санынын 14 миң 14, жаракат алгандардын санынын 63 миң 794 болгонун жарыялады.

Кечээ Кахраманмараш жана Пазаржык райондору, Хатай жана Искендерун райондору жана Аданада болуп жер титирөөдөн кийинки иш-чаралар тууралуу маалымат алган жана кырсыктан жабыркагандар менен жолугушкан президент Эрдоган бүгүн Газиантепке барды.

Газиантепте иликтөөлөрдү жүргүзгөн жана издөө-куткаруу иштери тууралуу маалымат алган Эрдоган, Кахраманмарашта 10 облуста таасирдүү болгон жер титирөөдө каза болгондордун санынын 14 миң 14, жаралуулардын санынын 63 миң 794 болгонун белгиледи.

Жер титирөөдөн бери мамлекет катары бардык мекемелери менен талаада болгонун белгилеген Эрдоган 1 жылдын ичинде жер титирөөдө үйлөрү кыйраган жарандар үчүн жаңы турак үйлөрдүн курула турганын айтты.

Эрдоган: «Бир жагынан контейнер шаарча куруу иштерибиз бар, экинчи жагынан чет өлкөдөн келе турган контейнерлерибиз бар. Келе турган контейнерлерди 10 облуска бөлүштүрөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар