Президент Эрдоган: «Жер титирөөдө каза болгондордун саны 912 адамга жетти»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) координациялык борборундагы баалоодон кийин маалымат жыйын өткөрдү.

1942485
Президент Эрдоган: «Жер титирөөдө каза болгондордун саны 912 адамга жетти»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, эпицентри Кахраманмараштын Пазаржык району болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген жер титирөөгө байланыштуу: «Буга чейин 912 жараныбыз каза болуп, 5 миң 385 жараныбыз ар кандай жаракаттарды алышканы маалым болду»,-деди.

Эрдоган Апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) координациялык борборундагы баалоодон кийин өткөргөн маалымат жыйынында: «Бүгүн түнү саат 04:17де акыркы бир кылымда башынан өткөргөн 1939-жылдагы Эрзинжан жер титирөөсүнөн кийинки эң чоң апаат бизди силкип өттү. Мамлекетибиз жер титирөө болгондон баштап бардык мекемелери менен иш алып барды, губернаторлуктарыбыз бардык мүмкүнчүлүктөрдү өз алдынча мобилизациялады. Учурда 9 миң кызматкер издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп, аймакка сырттан келгендер менен бул сан тынымсыз өсүүдө. Буга чейин 912 жараныбыз каза болуп, 5 миң 385 жараныбыз жаракат алды»,-деди.

Эрдоган жер титирөө чоң зыян келтирген облустарда кыйраган имараттардын астында калгандарды табуу жана куткаруу иштеринин үзгүлтүксүз уланганын белгиледи.

Президент урандылардын астынан куткарылгандардын саны 2470ке жеткенин, кыйраганы аныкталган имараттардын саны 2818ге жеткенин айтты.

Эрдоган: «Эл аралык жардам үчүн өлкөбүз менен байланыштар түзүлө баштады, НАТО жана Европа Биримдиги менен катар 45 өлкөдөн жардам сунуштары бизге жетти»,-деп айтты.

Бир тараптан Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Эрдоган Адана шаарынын мэри Зейдан Каралар, Османие мэри Кадир Кара, Килис губернатору Режеп Сойтүрк жана Килистин мэри Сервет Рамазан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эрдоган телефондогу сүйлөшүүлөрүндө жер титирөөдөн жабыркаган аймактардагы абал жана издөө-куткаруу иштери тууралуу маалымат алды.

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар