Түркиянын илимий делегациясы Антарктидага кадам таштады

Илимий делегациянын 1 жумалык круиз менен Антарктидадагы түрк изилдөө лагери жайгашкан Хорсшое аралына жетиши күтүлүүдө.

1942131
Түркиянын илимий делегациясы Антарктидага кадам таштады
Turk Bilim Heyeti Antarktika1.jpg
Turk Bilim Heyeti Antarktika.jpg

7-Улуттук Антарктика илимий экспедициясынын алкагында жолго чыккан түрк командасы 68 сааттык сапардан кийин ак континентке кадам таштады.

30-январда Стамбулдан Бразилиянын Сан-Паулу шаарына сапарын баштаган 24 кишиден турган илимий делегация болжол менен 22 сааттык 4 өзүнчө учак каттамдан кийин 13 миң 800 километр жол басып, 3 күндүн аягында 2 тоннага жакын техникалык жабдуулар менен Антарктикадагы Кинг Жордж аралына барды.

Команда Кинг Жорж аралынын жээгинде жайгашкан 80 метрлик изилдөө кемеси Чилинин желеги тагылган Бетанзос кемесине кайык менен өттү, ал жерде 30 күндөн ашык убакыт талап кылынган иштерин аткарышат.

Илимий делегациянын 1 жумалык круиз менен Антарктидадагы түрк изилдөө лагери жайгашкан Хорсшое аралына жетиши күтүлүүдө.

TÜBİTAK MAM (Мармара изилдөө борбору) Полярдык изилдөө институтунун директору жана 7-Улуттук Антарктика илим экспедициясынын координатору профессор, доктор Буржу Өзсой экспедицияда 19 түрк жана 3 чет элдик илимпоз боло турганын билдирди.

Өзсой: «Биз 18 түрдүү долбоорду ишке ашырабыз. Мындан тышкары TEKNOFESTте жарыяланган TUBITAK 2204-C орто мектеп окуучуларынын полярдык изилдөө долбоорлору сынагынын алкагындагы 3 алдыңкы жеңүүчүбүз биз менен Антарктидага келишти. Алар табиятта биологиялык бузулуучу пластик долбоорлорун сынай алышат»,-деп айтты.

Өзсой жер илимдеринен физика илимдерине, коомдук илимдерден жашоо илимдерине чейин кеңири чөйрөдө долбоорлорду ишке ашыра тургандарын баса белгиледи.

Түркиянын Антарктика Келишим системасында кеңешчи өлкө статусуна ээ болушу үчүн жыл сайын үзгүлтүксүз илимий экспедицияларды жүргүзүү жана изилдөөлөрүн эл аралык илимий журналдарда жарыялоо менен дүйнөлүк илимге салым кошуусу чоң мааниге ээ. Изилдөөчүлөр да бул багыттагы иштери менен Түркиянын эл аралык таанылуусуна салым кошот.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар