Хулуси Акар Индонезиянын Коргоо министри менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Индонезиянын Коргоо министри Прабово Субианто «Аскердик кызматташтыкты ишке ашыруу планына» кол коюшту.

1941741
Хулуси Акар Индонезиянын Коргоо министри менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Индонезиянын Коргоо министри Прабово Субианто «Аскердик кызматташтыкты ишке ашыруу планына» кол коюшту.

Министр Акар расмий сапар менен Түркияга келген Субиантону борбор шаар Анкарада Улуттук Коргоо министрлигинде аскердик азем менен тосуп алды.

Субиантону тосуп алуудан кубанычтуу экендигин айткан Акар буларды белгиледи : «Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы аралыкка карабастан тарыхый өтмүшүбүз, ортобуздагы байланыштар бул аралыкты жакындатууда. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы аскердик машыгуу, коргонуу өнөр жайындагы кызматташуу потенциалын күчөтүү маанилүү. Бүгүн кол койгон Аскердик кызматташтыкты ишке ашыруу планы аймактарыбыздын жана дүйнөнүн тынчтыгына, коопсуздугуна, ырааттуулугуна олуттуу салым кошот деп ишенебиз»,-деди.

Конок министр Субианто да “Аскердик кызматташтыкты ишке ашыруу планынын” тарыхый маанисин баса белгилеп, документтин эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн уландысы экенин билдирди.

Индонезия менен Түркиянын ортосундагы тыгыз кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк үчүн кубанычтуу экенин билдирген Субианто : «Эки өлкөнүн ортосунда тарыхый өтмүшү, сезимталдуу бир байланыш бар. Кызматташуубуздун өнүгүшү тынчтык жана туруктуулугуна маанилүү салым кошот. Ушунун негизинде өлкөлөрүбүз жана куралдуу күчтөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты билдирген ишке ашыруу планы, конкреттүү кадамдар менен эң кыска мөөнөттө ишке ашат»,-деди.

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар