Шентоп: «Мамилелерибиздин өнүгүшү биздин аймактын туруктуулугу жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн маанилүү»

ТУУЖ төрагасы Мустафа Шентоп Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Парламенттик Биримдигинин 17-конференциясына катышуу үчүн барган Алжирде Улуттук Элдик Жыйынынын Төрагасы Ибрахим Бугали менен жолугушту.

1939194
Шентоп: «Мамилелерибиздин өнүгүшү биздин аймактын туруктуулугу жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн маанилүү»

 

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Парламенттик Биримдигинин 17-конференциясына катышуу үчүн келген Алжирде Улуттук Элдик Жыйынынын Төрагасы Ибрахим Бугали менен жолугушту.

Шентоп жолугушууда Түркия-Алжир карым-катнаштарында кыска мөөнөттө болгон жылыштан ыраазы болгонун билдирип: «Ишеним, өз ара түшүнүшүү жана жалпы кызыкчылыктардын алкагында мамилелерибиздин өнүгүшү да биздин аймактын туруктуулугу жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн маанилүү»,-деди.

Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Парламенттик Биримдигинин жыйынынын Ислам дүйнөсүнүн орток көйгөйлөрү талкууланган маанилүү платформалардын бири экенин билдирген Парламент төрагасы Шентоп, дүйнөнүн бардык жеринде Ислам өлкөлөрүнүн тышында жашаган 400 миллион мусулмандын системалуу же жекече адам укуктары тебеленип жатканын айтты.

Түркия Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Парламенттик Биримдигинин мөөнөттүү төрагалыгынын алкагында түзүлгөн «Мусулман жамааттары жана азчылыктар комитети» жасалган иштердин жыйынтыгында кеңири баяндама даярдаганын айткан Шентоп: «Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Парламенттик Биримдигине кирбеген өлкөлөрдө мусулмандарга каршы ксенофобия, дискриминация жана жек көрүү кылмыштары олуттуу түрдө көбөйүп, мезгил-мезгили менен мамлекеттик саясат катары колдоого алынып жатканы аныкталды. Кийинки мезгилде бул комитет Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Парламенттик Биримдигине мүчө эмес өлкөлөрдөгү жамааттар жана мусулман азчылыктарынын адам укуктарынын бузулушу боюнча отчет берет жана бул максатта ар кандай эмгектенүүлөр, изилдөөлөр жана жерине барып көрүү сапарлары уюштурулат.

Комитеттин биринчи баяндамасын даярдоонун алкагында Батыш Европа өлкөлөрүнөн мусулмандар басымдуу түрдө жашаган Германия жана Франция жана мусулмандар азчылыкты түзгөн жана олуттуу укук бузууларга дуушар болгон Мьянма мисалдары изилденген. Батыш өлкөлөрү мусулмандарга келгенде өздөрүнүн баалуулуктарын жана нормаларын эки жүздүүлүк менен четке кагышат. Баяндама бул чындыктарды көрсөтүү жагынан абдан баалуу болот»,-деди.

Шентоп расмий жолугушууларынын алкагында Кот-д’Ивуа́р Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Адама Биктого жана аны коштогон делегация менен да жолугушту.

Шентоп эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды арттырууга чечкиндүүлүгүн билдирип, кызматташтыктын өзгөчө энергетика, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарында өнүктүрүлүшү мүмкүн экенин баса белгиледи.

Оман Султанатынын Кеңешинин төрагасы Халид Бин Хилал эл-Мевали менен да жолуккан Шентоп, акыркы мезгилде карым-катнаштардын өнүгүп жатканынан канааттанганын белгилеп, Түркия менен Омандын көптөгөн аймактык темада көз караштары окшош экенин айтты.



Тектеш кабарлар