Эрдоган : "Түркия Азербайжандын жанында"

Президент Эрдоган Азербайжандын Тегеран элчилигине карата кол салуу тууралуу жасаган билдирүүсүндө кол салууну катуу айыптагандыгын белгиледи.

1938926
Эрдоган : "Түркия Азербайжандын жанында"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Азербайжандын жанында экендигин баса белгилеп : «Азербайжандын Тегеран элчилигине жасалган,  бир коопсуздук кызматынын башчысы шейит болгон кол салууну катуу айыптаймын»,- деди.

Президент Эрдоган Азербайжандын Тегеран элчилигине карата кол салуу тууралуу жасаган билдирүүсүндө кол салууну катуу айыптагандыгын белгиледи.

Эрдоган билдирүүсүндө буларды белгиледи : «Азербайжандын Тегеран элчилигине жасалган жийиркеничтүү кол салууда бир коопсуздук кызматкеринин шейит болгондугун катуу айыптайм. Азербайжандык боордошторубузга көңүл айтам жана жаралуулардын тез айыгып кетишин каалайм. Түркия боордошу Азербайжандын жанында".

Азербайжандын Тегеран элчилигине бүгүн эртең менен куралдуу кол салуу болуп, Калашников автоматы менен ок аткан кол салуучу элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысын өлтүрүп, 2 коопсуздук кызматкерин жаралаган.



Тектеш кабарлар