Түркиядан Пакистанга кайрымдуулук кемеси барды

Тамак - аш, жууркан - төшөк, кышкы кийим - кече жана тазалоочу буюмдарды камтыган 900 тоннага жакын жардам жүктөрүн ташыган кеме Карачи портуна якорь таштады.

1937949
Түркиядан Пакистанга кайрымдуулук  кемеси барды

Түркиядан Пакистандагы селден жабыркагандар үчүн жөнөтүлгөн, болжол менен 900 тонна гуманитардык жардамды камтыган алгачкы кайрымдуулук кемеси Карачиге барды.

Тамак - аш, жууркан - төшөк, кышкы кийим - кече жана тазалоочу буюмдарды камтыган 900 тоннага жакын жардам жүктөрүн ташыган кеме Карачи портуна якорь таштады.

763 тонна гуманитардык жардам ташыган экинчи кайрымдуулук кемесинин 4-февралда Карачиге барары күтүлүүдө.

Пакистанда өткөн жылы муссон мезгилинде сел апааты болгон алгачкы учурдан тарта Түркиядан бул өлкөгө ушул кезге чейин 15 учак, 13 кайрымдуулук поезд каттамы, бир кайрымдуулук кемеси жиберилди.

Пакистандагы сел апаатынын кесепетинен болжол менен 1740 адам каза болуп, 12 миңден ашуун адам жаракат алды.

Өлкө боюнча 33 миллиондон ашуун кишиге зыян келтирген селдин чыгымынын 30 миллиард доллардан ашканы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар