Таиланддын Тышкы иштер министри Анкарада

Фуат Октай расмий сапар менен Түркияга келген Таиланддын вице- премьер- министри жана тышкы иштер министри Дон Прамудвинай менен Анкарада президенттик комплексте жолугушту.

1938330
Таиланддын Тышкы иштер министри Анкарада

 Вице -  президент Фуат Октай коргонуу өнөр жайы, энергетика жана туризм башта болгон Түркия сунуштаган чоң потенциалдын Таиланд тарабынан да пайдаланылышын күтүшкөндөрүн айтты.

Фуат Октай расмий сапар менен Түркияга келген Таиланддын вице- премьер- министри жана тышкы иштер министри Дон Прамудвинай менен Анкарада президенттик комплексте жолугушту.

Түрия менен Таиланддын ортосундагы карым  - катнаштардын жана соода байланыштарынын дагы да күчтөндүрүлүшүн каалагандарын айткан Фуат Октай коргонуу өнөр  жайы, энергетика жана туризм башта болгон Түркия сунуштаган чоң потенциалдын Таиланд тарабынан да пайдаланылышын күткөндөрүн айтты. 

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым - катнаштардын өнүктүрүлүшү жана Россия - Украина согушу талкууланды.

Октай Түркиянын Россия - Украина согушундагы мамилеси менен дүйнөнүн тынчтыгына жана жарандардын коргонуусуна карата жоопкерчиликтерин эске салды.

Террордук уюмдар менен биргеликте күрөшүүнүн маанисин да баса белгилеген Октай Таиланддан бул тууралуу колдоо күтүшкөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар