Мадуро: «Биз Эрдоганды абдан сүйөбүз»

Өлкөсүнө келген соода министри Мехмет Муш менен түрк делегациясын Мирафлорес сарайында кабыл алган Мадуро,түшүнүшүү меморандумуна кол коюлгандан кийин билдирүүлөрдү жасады.

1937589
Мадуро: «Биз Эрдоганды абдан сүйөбүз»

Венесуэланын президенти Николас Мадуро: «Президент Режеп Таййип Эрдоганды өлкөбүздүн бир тууганы катары көрөбүз. Түрк эли билиши керек, биз Эрдоганды боорукер жана мээрман болгондуктан абдан сүйөбүз»,- деди.

Өлкөсүнө келген соода министри Мехмет Муш менен түрк делегациясын Мирафлорес сарайында кабыл алган Мадуро, Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши (DEİK) менен Венесуэланын Эл аралык өндүрүштүк инвестиция борборунун ортосунда түшүнүшүү меморандумуна кол коюлгандан кийин билдирүүлөрдү жасады.

Николас Мадуро: «Венесуэла менен Түркиянын ортосундагы экономикалык карым-катнаштарды келечекте өнүгүү, байлык жана өз ара пайда күтүп турат. Ушул убакка чейин ушундай болчу, келечекте да ушундай болот, алдыга жылып жатабыз»,-деп баа берди.

Түрк аба жолдорунун (THY) эки өлкөнүн ортосундагы маанисин баса белгилеген Мадуро : «Түркиянын өсүшүн ар дайым кубаттайбыз. Ансыз деле жумасына 7 каттам бар жана бул дагы да көбөйө берет, анткени Түркия Каракасты гана бириктирбестен, ошол эле учурда Стамбул, Түштүк Америка жана бардык аймактарды бириктирет»,-деп айтты.

Эки өлкөнүн достугун эске салган Мадуро: «Президент Режеп Таййип Эрдоганды өлкөбүздүн бир тууганы катары көрөбүз. Түрк эли билиши керек, биз Эрдоганды боорукер жана мээрман болгондуктан абдан сүйөбүз. Эрдоган эң кыйын жылдарыбызда, эң оор шарттарда да Венесуэланын жанында болду. Ал биздин өлкөгө болгон сүйүүсүн жана боорукердигин билдирди.Түрк элине жана Эрдоганга салам»,-деди.



Тектеш кабарлар