Түркиядан Швецияга айыптоо

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги ПККга караштуу топтор Швецияда уюштурган демонстрацияга байланыштуу билдирүү жасады.

1936103
Түркиядан Швецияга айыптоо

Түркия Швециянын борбор шаары Стокгольмдо жикчил террордук уюм ПККга караштуу топтордун Түркияга каршы үгүттөө акциясын эң катуу айыптады.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги ПККга караштуу топтор Швецияда уюштурган демонстрацияга байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө Швециянын борбор шаары Стокгольмдо Ыйык Куранга каршы жасалган жийиркеничтүү кол салууга уруксат берилишинен кийин дароо жасалган кыймылга жооп кайтарылды.

«Бул жолу ПКК менен байланышы бар топтордун шаардын борборунда өлкөбүзгө каршы үгүт акциясын жүргүзүүгө уруксат беришин эң катуу айыптайбыз»,-деп айтылган билдирүүдө бул кыймылдын Швеция да кол койгон Үчтүк Келишимдин террордук уюмдардын пропагандасына бөгөт коюу милдеттенмесин ачык бузуу экени баса белгиленди.

Билдирүүдө, «Үч тараптуу Келишимдеги милдеттенмелерге берилген экенибизди жарыялоо жана бул милдеттенмелерди аткаруу эки башка маселе. Биз Швециядан анын үч тараптуу келишимдеги милдеттенмелерине айрыкча терроризм менен күрөшүү жаатындагы келишимге ылайык, риторикадан тышкары конкреттүү жана эффективдүү кадамдарды, күткөнүбүздү дагы бир жолу баса белгилейбиз»,делди.

Даниянын ашынган улутчул «Тык багыт» партиясынын (Страм Курс) лидери Расмус Палудан Түркиянын Стокхомдогу элчилигинин жанында Ыйык Куранды өрттөөгө провокация жасаган.

Андан соң борбор шаар Стокгольмдун Норра Банторгет аянтында чогулган ПКК/ЙПГ тарапкерлери Швециянын НАТОго мүчөлүк процессинде Түркия менен түзгөн келишиминин жокко чыгарылышын талап кылышты.

Түркия 28-июнда Испаниянын Мадрид шаарында өткөн НАТО саммитинде мүчөлүк үчүн арыз берген Финляндия менен Швецияга вето койду. Террордук уюмдарга ачык колдоо көрсөткөн эки өлкө менен протоколго кол койгон Анкара берилген убадалардын аткарылышын күтүп жатат.



Тектеш кабарлар