Эрдоган:«Стамбул дүйнөдөгү эң көп темир жол системасы бар шаарлардын бири»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кагытхане-Стамбул аэропорту метро линиясын ачты.

1936245
Эрдоган:«Стамбул дүйнөдөгү эң көп темир жол системасы бар шаарлардын бири»
erdogan metro.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдун дүйнөдө эң көп темир жол системасы болгон шаарлардын бири экенин айтты.

Президент Эрдоган Кагытхане-Стамбул аэропорту метро линиясын ачты.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Эрдоган, күнүмдүк 800 миң жүргүнчү өткөрө алган бул метро линиясы аркылуу Кагытханеден Стамбул аэропортуна 24 мүнөттө жетүүнүн мүмкүн экенин айтты.

Бул долбоор менен Түркиянын метро куруудагы күчүн жана мүмкүнчүлүгүн бүт дүйнөгө далилдегенин баса белгилеген Эрдоган:«Стамбул дүйнөдөгү эң көп темир жол системасы бар шаарлардын бири. Биз курулуп жаткан метро линияларын ишке киргизгенде, Стамбулдун темир жол системалары менен жетпеген бурчу калбайт»,-деди.

Эрдоган, Кара деңизди Жер Ортолук деңизге туташтыра турган Канал Стамбул проектиси менен Босфордун жүгүн жеңилдете тургандарын жана Стамбулдун бренд баасын жогорулата турганын белгиледи.

Эрдоган аземдеги сөзүндө Түркиянын жаңы шайлоо процессинде экенин да айтты.

Буга чейин кээ бир чөйрөлөрдүн көчө нааразылыктары, террор жана төңкөрүш аракети менен Түркиянын өнүгүүсүнө тоскоол болууга аракет кылганын баса белгилеген Эрдоган, Түркиянын көптөгөн сыноолордон ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.

Президент:«(Кээ бир чөйрөлөр) биздин экономиканы кыйратуу үчүн көп кадамдарды жасашты, бирок алар буга жетише алышкан жок, алар эч качан ийгиликке жете алышпайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар