Швециянын элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылды

Швециянын Анкарадагы элчиси Стаффан Херстрем Тышкы иштер министрлигине чакырылып, Түркиянын Стокгольм  элчилигинин алдында Куран - Каримди өрттөө аракетине уруксаттын берилиши катуу түрдө айыпталды.

1935935
Швециянын элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылды

Швециянын Анкарадагы элчиси Стаффан Херстрем Тышкы иштер министрлигине чакырылып, Түркиянын Стокгольм  элчилигинин алдында Куран - Каримди өрттөө аракетине уруксаттын берилиши катуу түрдө айыпталды.

Швецияда Түркиянын Стокгольм элчилигинин жакынында бүгүн үчүн Куран  -  Каримди өрттөө аракетине уруксат берилгендиги боюнча  Швециянын Анкарадагы элчиси Херстрем кечээ министрликке чакырылды.

Элчи Стаффан Херстремге жек көрүүчүлүк кылмышы болуп саналган чагымчыл аракеттин катуу айыпталгандыгы, Швециянын бул мамилесинин кабыл алынгыс экендиги, Түркиянын бул аракетке уруксат берилбешин күткөндүгү, ыйык баалуулуктарга карата акаараттын "демократиялык укуктарга" жамынып коргоого алынбай тургандыгы баса белгиленди. 

Херстремге  бүгүн ПКК террордук уюму менен байланыштуу чөйрөлөрдүн  Стокгольмдун борборунда митинг өткөрүшөрүн жарыялагандары эскертилип, террордук уюмдар жана жактоочуларынын үгүт иштерин жүргүзүүсүнө уруксат берүүнүн Үчтүк келишиминин ачыкча бузулушу  болору билдирилди.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин  спикери  Мустафа Шентоп Швецияда өткөрүлүшү пландалган провокациялык акцияга катуу каршылык көрсөттү. Мустафа Шентоп, социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн билдирүүсүндө : "Стокгольмдогу элчилигибиздин алдында Куранга каршы жийиркеничтүү «акцияга» жол берүү Швеция администрациясынын жек көрүү кылмышына шериктештигин билдирет»,- деди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да "Ачык бир жек көрүүү жана адамзаттык кылмыш" деп мүнөздөгөн аракетти наалаттады. Калын бардык эскертүүлөргө карабастан кыймылга уруксат берүүнүн жек көрүүчүлүк кылмыштарын жана исламофобияны жайылтуу деген мааниге келерин  айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик  : «Бул кыймылга  уруксат берүүнү айыптайбыз»,-деп каршылык көрсөттү.  Челик социалдык медиадан берген билдирүүсүндө : "Швеция бийлиги мындай кыймылдарга жол берүү менен фашизмге үндөп жатат. Куранга болгон сыйсыздык адамзатка каршы кылмыш болуп саналат. Бул иштерге каршы эң катуу күрөштү жүргүзөрүбүздөн эч ким күмөн санабасын",- деп билдирди.

Түркия 28-июнда Испаниянын Мадрид шаарында өткөн НАТО саммитинде мүчөлүк үчүн арыз берген Финляндия менен Швецияга вето койду. Террордук уюмдарга ачык колдоо көрсөткөн эки өлкө менен үч тараптуу келишимге кол койгон Анкара берилген убадалардын аткарылышын күтүп жатат.

 

 

 



Тектеш кабарлар