Хулуси Акар журналисттердин суроолоруна жооп берди

Акар, Түркиянын НАТОнун ачык эшик саясатын колдогонун билдирди.

1934636
Хулуси Акар журналисттердин суроолоруна жооп берди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Швециянын коргоо министри Пал Йонсондун ыктымалдуу Түркия сапарына байланыштуу: «Пландоо бар, процесске байкоо салып жатабыз, жагдайларга жараша аныкталат»,- деди.

Хулуси Акар Түркия Улуу Улуттук Жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Хулуси Акар, мурда Түркияга келери айтылган Швециянын коргоо министри Йонсондун сапарына байланыштуу суроого: «Пландоо бар, процесске байкоо салып жатабыз, жагдайларга жараша аныкталат»,- деп жооп берди.

Түркиянын НАТОнун ачык эшик саясатын колдогонун билдирген Акар, июнь айында Испаниянын борбор шаары Мадридде кол коюлган меморандумду эске салды.

Акар: «Биз Швеция менен Финляндиянын меморандумдагы убадаларын мүмкүн болушунча тезирээк аткарат деп күтөбүз», - деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Ф-16 учактарынын сатып алынышы темасында Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) кесиптеши менен сүйлөшө турганын да билдирген Акар: «Учурда теманын оң багытта илгерилеп жатканын байкоодобуз. Керектүү маалыматтарды алып жатабыз. АКШнын Коргоо министри менен тыгыз кызматташтыгыбыз уланууда. Делегациялар аралык жана эки тараптуу жолугушууларда тезирээк оң жана конкреттүү натыйжаларды күткөнүбүздү билдирдик. Ушул багытта бара жатабыз»,-деп айтты.

Министр Акар Британиянын борбор шаары Лондондо өткөргөн жолугушуулары тууралуу суроого: «Оң, конструктивдүү эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдүк. Коргоо өнөр жайы, аскердик машыгуу кызматташтыгы жана башка көптөгөн тармактарда кызматташууну улантуудабыз. Ал жактан да оң жыйынтыктарды күтөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар