Алтун «Түркийе китебин таанытуу» программасына катышты

Алтун Түркиянын ар тармакка дүйнөнүн көңүлүн бурган жана кызыктырган ыңгайлуу борборго айланганын айтты.

1934011
Алтун «Түркийе китебин таанытуу» программасына катышты

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун эл аралык медиа мекемелерин Түркийе атын туура колдонууга чакырды.

Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн «Түркийе китебин таанытуу жана Түрк кылымында Түркийе» программасына катышты.

Алтун Түркиянын ар тармакка дүйнөнүн көңүлүн бурган жана кызыктырган ыңгайлуу борборго айланганын айтты.

Түркийе китебинин өтө кеңири маалыматтарды камтыган маанилүү эмгек экенин баса белгилеген Алтун: «Бул Түркиянын бренд наркына салым кошо турган китеп болуп саналат»,-деди.

Алтун бул эмгектин Түркияга карата жалган маалымат жана системалуу каралоо кампаниялары менен күрөшүүдө да абдан маанилүү булак боло турганын белгиледи.

Эл аралык медиа мекемелерин Түркийе атын туура колдонууга чакырган Коммуникация башкармалыгынын төрагасы, Түркийе брендинин дагы да күчтөндүрүлүшүнүн эң маанилүү максаттарынын бири экенин айтты.



Тектеш кабарлар