ПККга карата Эрен блокада күз – кыш - 21 операциясы башталды
840 кызматкер катышкан операциянын биринчи күнүндө Лице айылындагы 5 баш калкалоочу жайда колго түшүрүлгөн материалдар жок кылынып, баш калкалоочу жайлар жараксыз абалга келтирилди.
Диярбакырда жикчил террордук уюм ПККга карата Эрен блокада күз – кыш - 21 операциясы башталды.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда террордук уюм ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана террордук уюмдун террористтертн жок кылуу максатында Диярбакырда «Эрен блокада күз – кыш - 21 шейит жандармерия адиси сержант Мехмет Челик операциясы» баштатылгандыгы билдирилди.
840 кызматкер катышкан операциянын биринчи күнүндө Лице айылындагы 5 баш калкалоочу жайда колго түшүрүлгөн материалдар жок кылынып, баш калкалоочу жайлар жараксыз абалга келтирилди.
Билдирүүдө : «Өлкөдө террордун толугу менен жок кылынышы үчүн жүргүзүлгөн Эрен блокада күз - кыш операциялары, элибиздин колдоосу менен ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө ийгиликтүү уланууда»,- деп айтылды.