Швецияда болгон окуяга Түркия катуу каршылык көрсөттү

Вице  - президент Фуат Октай : «Швециянын НАТОго мүчөлүгүнүн негизинде берген убадаларында турушун, мындай кыймылдарды көрбөстүккө сала албайт деп ойлойбуз»7

1932217
Швецияда болгон окуяга Түркия катуу каршылык көрсөттү

Вице  - президент Фуат Октай Швециянын борбор шаары Стокгольмда ПКК/ЙПГ террордук уюмдун провокацияларына байланыштуу билдирүү жасап : «Швециянын НАТОго мүчөлүгүнүн негизинде берген убадаларында турушун, мындай кыймылдарды көрбөстүккө сала албайт деп ойлойбуз»,- деди.   

Фуат Октай соцтармактан берген билдирүүсүндө Стокгольмда тарыхый муниципалитет имаратынын алдында чогулган ЙПГ/ПКК террордук уюмдун колдоочусу бир группанын президент Режеп Таййип Эрдоганды жана Түркияны бутага алган митингди наалатагандарын белгилеп : "Биз Швециядан НАТОго мүчөлүк демилгелеринин алкагында убадаларын аткарышын жана мындай аракеттерди көрбөстүккө салбай тургандыгын күтөбүз. Бул окуялар Түркиянын тынчсыздануусун дүйнө коомчулугуна дагы бир жолу көрсөттү. Эч бир демократиялык укуктук мамлекеттин көз жумуп коюшун күтүүгө болбойт. Швеция мекемелеринин кабыл алынгыс бул кыймылдарды ишке ашырган террордук топтор жана колдоочуларына карата мыйзам чегинде чара көрүшүн күтүп жатабыз»,- деди.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп да Швециядагы провокация тууралуу :" Швециянын демократияга карата ачык коркунуч болгон бул террордук аракетке уруксат бериши жана көрбөстүккө салышы эч качан кабыл алынбайт»,- деди.

Шентоп бул окуяга каршылык көрсөтүү  максатында Швеция парламентинин спикери Андреас Норлендин 17-январда Түркияга жасай турган расмий сапарын да токтотту.

Юстиция министри Бекир Боздаг да провокация тууралуу : «Бул түрк улутуна карата кол салуу. Бул террордук кыймылга урксат берген Швеция өкмөтүн айыптаймын»,- деди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу  да социалдык медиа эсебинен билдирүү жасап : "Террордук уюмдар уулуу жыландай, бир капка киргенди чагып алат. Дүйнөдөгү террордук уюмдарды чөгөлөтөбүз деп айтуубуздун себеби ушул. Режеп Таййип Эрдогандын  дүйнө лидери экендиги чындыгына көнүшөт»,- деди.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын: «Стокгольмдо президентибизге каршы жасалган жийиркеничтүү аракетти катуу айыптайбыз», - деди.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун : «Швециядагы ПКК террордук уюмунун мүчөлөрүнүнТүркия жана демократиялык жолдор менен шайланган президентти бутага алышын катуу түрдө айыптайбыз»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар