Боднар: «Бул Түркия-Украина карым-катнаштарын бузуу үчүн атайын даярдалган кабар»

Украинанын Түркиядагы элчиси Василий Боднар «Foreign Policy» журналындагы макалада «Түркия Украинага кассеталык бомбаларды берди» деген дооматты четке какты.

1931481
Боднар: «Бул Түркия-Украина карым-катнаштарын бузуу үчүн атайын даярдалган кабар»

Украинанын Түркиядагы элчиси Василий Боднар «Түркия Украинага кассеталык бомба берди» деген дооматка байланыштуу: «Бул Түркия-Украина карым-катнаштарын бузуу, Украина жана Түркия тууралуу дүйнөдө жаман имидж түзүү үчүн атайын даярдалган кабар»,-деди.

«Foreign Policy» журналындагы макалада «Түркия Украинага кассеталык бомбаларды берди» деген дооматка токтолгон Боднар, эл аралык укуктун кассеталык бомба жана ок-дарыларына тыюу салганын, өлкөсүнүн Орусияга каршы согушунда эл аралык эрежелерге ылайык иш кылганын айтты.

Жогоруда айтылган кабар тууралуу расмий булактардан эч кандай түшүндүрмө болбогонун жана бир түрдөгү ушак экенин белгилеген Боднар, бул дооматтын «Орус пропагандасынын» бир бөлүгү экенине ишенгенин, Түркия менен Украинанын ушундайча бутага алынганын айтты.

Элчи Боднар: «Бул доомат чындыкка дал келбейт жана мен аны толугу менен четке кагам. Бул Түркия менен Украинанын ортосундагы карым-катнаштарды бузуу жана дүйнөдө Украина менен Түркия тууралуу жаман имидж түзүү үчүн чыгарылган психологиялык курал, маалыматты бурмалоо куралы катары чыгарылган кабар»,-деп айтты.

Бир тараптан Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин темага байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Бул кабарлардын ишеничтүүлүгү тууралуу сөз кылуунун кыйын экенин баса белгилеген Песков : «Билесизби, ишенимдүү жана так кабарларга караганда фейк кабарлар дагы көп. Ошондуктан албетте булардын баарын кылдаттык менен байкап жатабыз»,-деп жооп берди.

Песков Түркиянын Байрактар ​​менен ок-дарыларын Украинага жибергени белгилүү болгонун белгилеп: «Түркиянын НАТОго мүчө өлкө катары милдеттенмелери бар жана башка өлкөлөр менен эки тараптуу карым-катнаштары бар. Бирок ошол эле учурда өз ара түшүнүшүүгө, өз ара кызыкчылыкка, өз ара урматтоого негизделген жана эң татаал маселелерди өз ара сүйлөшүүгө даяр өнөктөштүк мамилелер Түркия менен бизди бириктирип турат»,деп айтты.



Тектеш кабарлар