Түркия Судандагы өткөөл процесс тууралуу сүйлөшүүлөрдү кубаттайт

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымат берилди.

1929689
Түркия Судандагы өткөөл процесс тууралуу сүйлөшүүлөрдү кубаттайт

Түркия, Судандагы өткөөл процесске ылайык, экинчи фаза сүйлөшүүлөрүнүн башталышынын кубанычтуу экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө, «Бүгүн (кечээ) 2022-жылдын 5-декабрында кол коюлган Алкактык макулдашуунун негизинде Судан Республикасында жүргүзүлүп жаткан өткөөл процесске ылайык экинчи фазадагы сүйлөшүүлөрдүн башталганына кубанычтабыз»,делди.

Судандын бардык катмарларын камтыган кеңири чөйрөдө процессти алга жылдырууга маани берилгени баса белгиленген билдирүүдө, «Биздин өлкө ушул убакка чейин болгонундай мындан ары да бир тууган Судан элинин жанында болушун улантат»,-деп айтылган.

 



Тектеш кабарлар