Акар:«Туура эмес эсеп Анкарадан кайтат»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар видео конференцияда Килистеги командирлерден талаадагы акыркы абал тууралуу маалымат алды.

1926248
Акар:«Туура эмес эсеп Анкарадан кайтат»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Грециянын Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде бир нерсени бир жактуу ишке ашыруусуна жол бербей тургандарын айтып:«Туура эмес эсеп Анкарадан кайтат»,-деди.

Хулуси Акар видео конференцияда Килистеги командирлерден талаадагы акыркы абал тууралуу маалымат алды.

Мехметчиктин ийгилигинин ар кандай ыраазычылыктан жогору экенин белгилеген Акар:«Бир тараптан чек араларыбыздын коопсуздугун камсыздайбыз, экинчи жагынан террордук уюмдарга каршы өлкөбүздө жана анын тышында чечкиндүү күрөшүбүздү терроризмди булагында жок кылуу стратегиясы менен улантуудабыз. Деңиздерибизде жана асманда чечкиндүүлүк жана берилгендик менен укук жана кызыкчылыктарыбызды коргоп жатабыз»,-деп айтты.

Акар террор менен күрөшүүнүн акыркы террорист жок кылынганга чейин улана турганын белгиледи.

Жасалган чалгындоо иштеринен, террористтердин айтымдарынан чыгарылган тыянакка караганда жикчил террордук уюм ПККнын кыйроодо экенин айткан Акар:

«Операцияларыбызды жана кысымыбызды күчөгөн күч жана темп менен арттырып, террористтерди жаткан жерине көмүүнү улантабыз. Террористтердин жалгыз жолу кутулуунун түрк адилеттигине багынып берүү»,-деди.

Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдарга токтолгон Акар: «Тынчтык үчүн колубузду сунсак да, Греция чыңалууну күчөткөн чагымчыл аракеттерин жана риторикасын улантууну токтотпой жатат»,-деди.

Ушул убакка чейин эч кандай болоору болду деген нерсеге жол бербегендерин жана келечекте да бербей тургандарын белгилеген Улуттук коргоо министри:

«Туура эмес эсеп Анкарадан кайтат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар