Эрсин Татар Анкарада кайрылуу жасады

Татар: "Кипр түрк калкынын коопсуздугу, Түркиянын жана Түрк дүйнөсүнүн Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Көгүлтүр мекендеги улуттук кызыкчылыктары үчүн маанилүү"

1925619
Эрсин Татар Анкарада кайрылуу жасады

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Кипрде келишим түзүлө турган болсо түндүктөгү Түрк мамлекетинин таанылышы керектигин айтты.

Эрсин Татар, Анкара Соода палатасынын (ATO) 2-Кезектеги Ассамблея жыйналышына катышып, Анкара иш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө кайрылды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Кипрде келишимге жетишүү боюнча: «Кипрде келишим түзүлө турган болсо түндүктөгү Түрк мамлекети менен түштүктө Рум республикасына айланган Кипр Республикасынын ортосунда болушу мүмкүн. Бул келишим түзүлө турган болсо түндүктөгү Түрк мамлекети таанылышы керек»,-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Түндүк Кипр Түрк Республикасына карата эмбаргондордун жоюлушу жана Түндүк Кипр Түрк Республикасын мамлекет катары таануу тууралуу сөздөрүнө да токтолгон Татар, өлкөсүнүн Түрк Мамлекеттери Уюмуна (TDT) байкоочу мүчө катары кабыл алынышынын да Түркиянын негизинде болгонун баса белгиледи.

ТКТР катары өздөрүн эң түштүктөгү Түрк мамлекети катары көргөндөрүн билдирген Татар: «Кипр улуттук доо болуп саналат жана (ТКТР) Чыгыш Жер Ортолук деңизде жашап, күчтөнүшү керек. Кипр түрк калкынын коопсуздугу, Түркиянын жана Түрк дүйнөсүнүн Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Көгүлтүр мекендеги улуттук кызыкчылыктары үчүн маанилүү. Ушул себептен улуттук туруштук берүүдөбүз», деди.



Тектеш кабарлар