Ата мекендик радар системасы "ЧАРЕ" Азербайжанда колдонулат

Түрк инженерлери иштеп чыгарган жергиликтүү жана ата мекендик  көп максаттуу радар системасы ЧАРЕ (ÇARE) боордош өлкө Азербайжанда колдонула баштайт.

1925903
Ата мекендик радар системасы "ЧАРЕ" Азербайжанда колдонулат
radar sistemi care1.jpg
radar sistemi care.jpg

Түрк инженерлери иштеп чыгарган жергиликтүү жана ата мекендик  көп максаттуу радар системасы ЧАРЕ (ÇARE) боордош өлкө Азербайжанда колдонула баштайт.

Транспорт жана инфраструктура министрлигинен жасалган билдирүүдө Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгы (DHMI) менен Азербайжан аба жолдорунун аэронавигациялык филиалынын (AZANS-Azeraeronavigation) ортосунда кол коюлган протоколго көңүл бурулду.

Протоколдун негизинде интеллектуалдык жана өнөр жай менчик укуктары Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгына таандык болгон жана толугу менен түрк инженерлери тарабынан иштелип чыккан жана ата  - мекендик  Ар  -  ГЕ (изилде  -  өнүктүр) долбоорлорунан ЧАРЕ системасынын сатуу келишимине Азербайжан менен кол коюлганы жана биринчи радар системасынын чыгарылганы маалымдалды. Ошондой эле система колдонууга бериле турган аянттарда учурдагы системалар менен программалык интеграциялоо  иштеринин аткарылары билдирилди.

Маалыматта : «Интеграциялоо иштеринен кийин жабдууларды орнотуу Баку Гейдер Алиев аэропорту жана үч башка аба кыймылын башкаруу бөлүмдөрүндө аткарылат. Кабыл алуу сынактары ишке ашкандан кийин колдонуучулар үчүн "Колдонуучуну окутуу", "Аба мейкиндигин идентификациялоо боюнча тренинг" жана "Техникалык мамилени үйрөтүү" тренингдери өткөрүлөт»,- деп билдирилди.

Билдирүүдө, ЧАРЕ системасынын Түркиянын аба мейкиндигинде 40тан ашуун  аба кыймылын башкаруу бөлүмдөрүнө кызмат кылгандыгы жана аба кыймылын башкаруу мүмкүнчүлүгүнүн алкагында картада реалдуу убакыт режиминде учуу маалыматтарын көрсөткөн адам - машина интерфейси колдонмосу экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар