Санариптик түрк лирасында биринчи төлөм иштери ийгиликтүү болду

Түркия Республикасынын Борбордук банкы билдирүү жасады.

1925418
Санариптик түрк лирасында биринчи төлөм иштери ийгиликтүү болду

Санариптик түрк лирасында биринчи төлөм иштери ийгиликтүү ишке ашырылды.

Түркия Республикасынын Борбордук банкынын билдирүүсүндө, санариптик түрк лирасы тармагындагы биринчи төлөм иштеринин ийгиликтүү ишке ашырылганы, технологияга кызыкдар тараптар менен жүргүзүлгөн тар жана жабык схема пилоттук колдонмо сыноолорунун 2023-жылдын биринчи чейрегинде улана турганы айтылды.

Жарыяда сыноолордун натыйжасында алынган жыйынтыктардын, кеңири баалоо отчету аркылуу коомчулук менен бөлүшүлө турганы билдирилип: «Санариптик түрк лирасы кызматташтык платформасы, 2023-жылы тандалган банктар жана финансылык технология компанияларынын катышуусу менен кеңейтилет жана өнүккөн этаптар кеңири катышуучу пилоттук тесттер менен башталат»,-деп маалымдалды. 



Тектеш кабарлар