1 миллион программистти жумуш менен камсыз кылуу долбоору

Президент Эрдоган «1 миллион программистти жумуш менен камсыз кылуу долбоорун» таанытуу жыйынында сөз сүйлөдү.

1925353
1 миллион программистти жумуш менен камсыз кылуу долбоору

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 1 миллион программистти жумуш менен камсыз кылуу долбоорундагы окутууларды келерки жылы эки эсеге көбөйтө тургандарын айтты.

Президент Эрдоган Бештепе Элдик Конгресс жана Маданият борборундагы «Программалык камсыздоо боюнча жумуштуулук долбоорун» таанытуу жыйынында сөз сүйлөдү.

Технологиянын өнүгүшүнүн чоң масштабда квалификациялуу жумушчу күчкө болгон муктаждыкты ачыкка чыгарганын түшүндүргөн Эрдоган, өзгөчө алдыңкы технологияга негизделген өнүмдөрдү программалоодо жана кошумча наркы жогору программалык камсыздоо долбоорлорун иштеп чыгууда көп сандаган мыкты даярдалган кызматкерлер керек экендигин айтты.

Улуттук технологиялык ишкердик стратегиясы менен 2030-жылга чейин 100 миң технологиялык стартап түзүү чечкиндүүлүгүн өткөн айларда жарыялагандарын эске салган Эрдоган, келечекте колдой турган кесиптердин санын 25тен 100гө, ал эми жумуш ордунда окутуу программаларынын мөөнөтүн 6 айдан 9 айга чейин көбөйтүшкөнүн билдирди.

2020-жылы башталган 1 миллион программистти жумуш менен камсыз кылуу долбоорунун алкагында акысыз жана эч кандай шарт коюлбаган долбоор порталына катталган жарандар 33 бизнес багытынын бирин тандоо менен системада 1800 саатты түзгөн 216 тренингге катышууга мүмкүнчүлүк алгандарын түшүндүргөн Эрдоган: «Бүгүнкү күнгө чейин бул программа аркылуу 1 миллион 96 миң 566 киши окуусун аяктады. Чоң кызыгуудан улам биз 1 миллион программистти жумуш менен камсыз кылуу долбоорун улантууну жана келерки жылы системадагы тренингдердин санын эки эсеге көбөйтүүнү чечтик»,-деди.



Тектеш кабарлар