Президент Эрдоган илимий сыйлыктарын тапшыруу аземине катышты

Президент илимпоздордун изилдөөлөрүнө мындан ары да колдоо көрсөтүшөрүн айтты.

1924875
Президент Эрдоган илимий сыйлыктарын тапшыруу аземине катышты

 Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттарынын ийгилиги дүйнө жүзү боюнча басма сөздө биринчи беттен баш макала катары жарыяланып жаткандыгын белгиледи.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Түрк илимий жана техникалык изилдөө кеңеши (ТҮБИТАК) жана Түркия илимдер академиясынын (TҮБА) илимий сыйлыктарын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган сөзүндө Түркиянын коргонуу өнөр жайы тармагындагы ийгилигине көңүлдөрдү буруп : «Дүйнө биздин учкучсуз учуучу аппараттарыбыздагы ийгидигибиз тууралуу баш макалаларды жазып, таң калуу менен байкап жатат. Ырлар жазылган Байрактар ТБ 2 менен башталган сапарда  оболу Акынжы куралдуу учкучсуз учуучу аппаратка андан кийин учкучсуз аскердик учагыбыз Кызылелмага келдик»,- деди.

Коргонуу өнөр жайындагы бул ийгиликтердин башталышы гана экенин баса белгилеген Эрдоган : «Токтоо болбойт, жолубузду улантабыз»,- деди.

Түркиянын учурда сапат жана сан жагынан дүйнө менен атаандашкан заманбап, өнүккөн илим жана технология экосистемасына ээ болгонун баса белгилеген Эрдоган : «Технопарктардагы илимий - изилдөө жана долбоорлоо борборлорубузда он миңдеген долбоорлор ишке ашырылууда»,- деди.

Президент илимпоздордун изилдөөлөрүнө мындан ары да колдоо көрсөтүшөрүн айтты.



Тектеш кабарлар