Эрдоган жаңы жаратылыш газ запасын тапкандарын сүйүнчүлөдү

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте министрлер кабинетинин жыйынынан кийин элге кайрылуу жасады.

1923954
Эрдоган жаңы жаратылыш газ запасын тапкандарын сүйүнчүлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кара деңизде 58 миллиард метр куб жаңы жаратылыш газ запасын тапкандарын жарыялады.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте Министрлер кабинетинин жыйынынан кийин элге кайрылуу жасады.

Түркиянын азыр коргоо өнөр жай продукцияларын бир гана өзү үчүн долбоорлогон жана чыгарган өлкө болуудан да ашып өткөнүн баса белгилеген Эрдоган: «Күндөн-күнгө көбөйгөн экспортубуздун негизинде коргоо өнөр жай секторубуздун продукциялары менен бүткүл дүйнөгө таанылган абалга келдик»,-деди.

Келерки жылы коопсуздук тармагында террорду өз булагында жок кылуу стратегиясын чечкиндүү түрдө уланта тургандарын билдирген Эрдоган: «Өзгөчө Сириядан өлкөбүзгө карай коркунучтарды толугу менен жок кылуу үчүн 30 чакырым тереңдиктеги коопсуздук линиябыздагы кемчиликтерди жое турган жаңы кадамдарды таштайбыз»,-деди.

Карадеңизде 58 миллиард метр куб жаңы жаратылыш газ запасын тапкандарын сүйүнчүлөгөн Эрдоган, Кара деңиздеги газ запасынын 710 миллиард метр кубга жеткенин, аймакта табылган жаратылыш газынын эл аралык рыноктордогу наркынын 1 триллион доллар экенин айтты.  

Президент Кара деңизде жаңы жаратылыш газ чалгындоо иштерин уланта тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар