Калын жана Челиктин Францияга ПКК террору боюнча реакциясы...

Окуя тууралуу Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын социалдык медиа эсебинен бөлүшсө, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик Аданада журналисттерге берген маалыматында токтолду.

1923391
Калын жана Челиктин Францияга ПКК террору боюнча реакциясы...
Ak Partiya_ömər Çelik.jpg

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Францияга жикчил террордук уюм ПКК боюнча каршы чыкты...

Ибрахим Калын социалдык медиа эсебинен Франциянын борбор шаары Парижде террордук уюмдун жактоочулары тарабынан жасалган зомбулук аракеттеринин сүрөттөрүн бөлүшүп:«Бул Франциядагы ПКК. Сирияда сиз колдогон террордук уюм»,- деди.

Францияга каршылык көрсөткөн Калын: «Ошол эле ПКК акыркы 40 жылда миңдеген түрктөрдү, күрттөрдү жана коопсуздук күчтөрүн кырып салды. Эми алар Париждин көчөлөрүн өрттөп жатышат. Сиз дагы унчукпай каласызбы?»,-деп сурады.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик Аданада журналисттерге берген маалыматында Францияда акыркы жылдарда тез-тез болгон расисттик жана фашисттик кол салуулардын кылдаттык менен байкалышы керектигин баса белгилеп, бул фашисттик кол салуулардын дүйнөнүн башка жерлерде болгон сыяктуу өтө кооптуу экенине көңүл бурду.

Бүткүл Европада болгондой бардык расисттик кол салууларды айыптагандарын белгилеген Челик:«Франция жакшылап ойлонушу керек. Биз көптөн бери: «Силер бул ПКК террордук уюмунун мүчөлөрүн коргогондо, булар акыры күчөгөндө силерге кайтат жана силерге зыян келтире турган сүрөттү жаратышат»,- деп айтып келе жатабыз. Бул террордук уюмдарды баккандар акыры бул террордук уюмдардын кол салууларына туш болоорун президентибиз өз билдирүүлөрүндө бир нече жолу белгилеген. Ар кимди бул окуялардын себебинен дагы бир жолу ойлонууга жана Түркиянын террорго карата сезимталдыгына колдоо көрсөтүүгө чакырабыз»,-деп айтты.

Франциянын борбор шаары Парижде жума күнү үч адамдын өмүрүн алган кол салуудан кийин окуялар уланууда.

Терроризмди жактоочулардын агрессиясы Париждин чегинен чыгып кетти. Франциянын Марсель шаарындагы окуяларда полиция бөлүмү таш бараңга алынып, 2 полиция унаасы, таштанды челектери жана аялдама өрттөлүп, дүкөндөр талкаланды.

Террордук уюм ПККнын колдоочуларынын өлкө аймагындагы зомбулуктарында 31 француз полициясы жарадар болуп, 11 шектүү кармалды.



Тектеш кабарлар