Акар жылдык баа берүүсүн жасады

Басма сөз уюмдарынын Анкара өкүлдөрү менен жолугушкан жыйында Хулуси Акар министрликтин жылдык иш-чараларына баа берди.

1923226
Акар жылдык баа берүүсүн жасады

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар быйыл жыл башынан бери өлкөдө, Ирактын түндүгүндө жана Сирияда жалпы 3982 террористтин жок кылынганын жарыялады.

Басма сөз уюмдарынын Анкара өкүлдөрү менен жолугушкан жыйында Хулуси Акар министрликтин жылдык иш-чараларына баа берди.

Ал 1-январга карата 256 миң 199 адамдын чек арадан өтүшүнө бөгөт коюлганын, 8 миңге жакын мыйзамсыз мигрант жана 820 террорист укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Террор менен күрөшүүгө да токтолгон Акар: «Өлкөдө чечүүчү жол процесси аяктагандан бери (2015)өлкө ичинде, Иракта жана Сириянын түндүгүндө жалпысынан 37 миң 285, ушул жылдын башынан бери 3 миң 982 террорист жок кылынды»,- деди.

Акар Ирактын түндүгүндө 17-апрелде башталган «Чеңгел-Кулпу» операциясынын алкагында 506 террористтин таасирсиз абалга келтирилгенин айтты.

Акар Түркиянын түштүгүндө түзүлүшү пландалган террор коридорунун Сириянын түндүгүндөгү террор буталарына карата жүргүзүлгөн операциялар менен бөгөт коюлганын айтты.

Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги абалдарга баа берген Акар, Түркиянын бардык жакшы ниеттүү, реалдуу жана чынчыл мамилесине карабастан Грециянын чыңалууну күчөтүү үчүн провокацияларын, агрессивдүү кыймылдары жана риторикалары менен мыйзамсыз позициясын улантып жатканын, НАТОнун бул шылуундукту токтоткула деп айтуусунун убагы келгенин белгиледи.

Греция тарабынан жасалган ар кандай адилетсиз жана мыйзамсыз иштерге дипломатиялык жол менен жана талаада керектүү жооп берилгенин белгилеген Акар, грек саясатчылары жана аскер адамдарынын ички саясий максаттар үчүн келишпес жана провокациячыл мамилелеринен тез арада баш тартып, маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө көңүл бурушу керектигин жана тарыхтан, айрыкча 1922-жылдын 9-сентябрындагы окуялардан сабак алууларын күткөндөрүн белгиледи.

Акар, кепилдик жана союздаштык келишимдеринин негизинде өткөндө болгондой бүгүн да Кипр түрк калкынын жанында болууну уланта тургандарын айтты.

Президент Эрдогандын активдүү дипломатиясынын натыйжасында ишке ашкан Кара деңиз дан коридоруна токтолгон Хулуси Акар болжол менен 15 миллион тонна эгиндин Украина портторунан муктаж болгон өлкөлөргө аман-эсен жеткирилгенин белгиледи.

Улуттук коргоо министри Акар Түркия, Сирия жана Орусиянын Коргоо министрлеринин ортосунда болушу мүмкүн болгон үч тараптуу жолугушууга байланыштуу: «Укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоо жана колдоо үчүн бардык деңгээлде эмне кылуу керек болсо, процедурага ылайык жасалат. Биз жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү жана диалогду эч качан көз жаздымда калтырбайбыз, диалогго жабык эмеспиз»,-деди.

АКШ менен 40 F-16 Viper учагын сатып алуу жана 79 учакты модернизациялоо иштери уланып жатканын белгилеген Акар, маселенин АКШ тарабынан оң жыйынтыкталышын күткөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар