Фахреттин Алтун террор боюнча Францияга каршылык көрсөттү
Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада «Түркия - Франция карым - катнаштары : мүмкүнчүлүктөр жана кыйынчылыктар» панелинде сөз сүйлөдү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Франциядагы ПКК террордук уюмга каршылык көрсөттү.
Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада «Түркия - Франция карым - катнаштары : мүмкүнчүлүктөр жана кыйынчылыктар» панелинде сөз сүйлөдү.
Европа Биримдигинин да ПККны террордук уюм катары таныгандыгынэске салган Алтун : «Бирок Францияда ПКК мүчөлөрү бар. Түркия НАТОнун бардык союздаштарынан күткөндөй эле Франциядан да террордук уюм ПКК жана анын өлкөдөгү мүчөлөрүнүн бардык иш - аракеттерин токтотуусун күтөт»,-деди.
Ошол эле учурда Түркиянын Сириядагы ПКК/ПЙД/ЙПГга каршы күрөшүндө да өнөктөштөрүнүн колдоосун күткөнүн баса белгилеген Алтун : «Ушунун негизинде француз цемент фирмасы Лафарждын Сириядагы террордук уюмдарга, анын ичинде ДЕАШка колдоо көрсөтүшүнүн ортого чыгышы тилекке каршы террор менен күрөшүү тарыхында кара так болуп калат»,-деди.
Алтун : «Түркия - Франция карым - катнаштары террордук уюмдарын же Түркияга каршы лоббилерди ыраазы кылган арзан жана кыска мөөнөттүү саясий эсептерге курман болбошу керек»,- деди.