Defence News Байрактар ​​Кызылелмага орун берди

АКШдагы Defence News журналы Түркиянын биринчи учкучсуз согуштук учагы Байрактар ​​Кызылелманын сыноо учуусу тууралуу жаңылык жарыялады.

1921279
Defence News Байрактар ​​Кызылелмага орун берди

Түркиянын учкучсуз согуштук учагы Байрактар Кызылелма долбооруна дүйнө жүзү жакындан байкоо салууда.

АКШдагы Defence News журналы Түркиянын биринчи учкучсуз согуштук учагы Байрактар ​​Кызылелманын сыноо учуусу тууралуу жаңылык жарыялады.  

Кабарда, «Реактив 10 айдын ичинде прототиптен биринчи учууга өттү», - деп айтылып, «Кызылелма» долбоорунун ылдамдыгына көңүл бурулду.

Кабарда жаңы муундагы учкучсуз согуштук учактар ​​үчүн «Дрондун түрк деңиз флотунун келечектеги флагманы LHD Anadolu аба күчтөрүнүн таянычы болушу күтүлүүдө»,-деп билдирилди.

Defence News, Кызылелманын Байкардын өз мүмкүнчүлүктөрү менен 10 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан өзгөчө долбоор экендигине басым жасады. 

Кабарда Кызылелманын ок-дарыларды көтөрүү жөндөмдүүлүгү, учуу бийиктиги жана ылдамдыгы сыяктуу өзгөчөлүктөрү орун алды.

АКШда жарык көргөн Newsweek жана Forbes журналдары да өткөн аптада «Кызылелма» долбоорунун ийгилигине көңүл бурган кабарларга орун берген болчу.

 



Тектеш кабарлар