TPAO: «Бир эле учурда 4 улуттук бургулоочу кеме нөөмөттө турат»

TPAOнун Твиттер эсебинен жасалган билдирүүдө Кара деңизде «Фатих», «Явуз» жана «Кануни» бургулоо кемелеринин, Жер Ортолук деңизде «Абдүлхамид Хан» бургулоо кемесинин нөөмөттө болгону белгиленди.

1920339
TPAO: «Бир эле учурда 4 улуттук бургулоочу кеме нөөмөттө турат»

Түрк мунайзат корпорациясы (TPAO) 4 улуттук бургулоочу кеменин бир убакта нөөмөттө экенин билдирди.

TPAOнун Твиттер эсебинен жасалган билдирүүдө Кара деңизде «Фатих», «Явуз» жана «Кануни» бургулоо кемелеринин, Жер Ортолук деңизде «Абдүлхамид Хан» бургулоо кемесинин нөөмөттө болгону белгиленди.

Бөлүшүүдө төмөндөгүлөр жазылган: «Фатих бургулоо кемеси «Түркали-11» кудугунда бургулоо ишин баштады. «Явуз» бургулоочу кемеси «Түркали-12» кудугунда газ агымын сыноолорду улантууда. «Кануни» бургулоочу кемеси «Түркали-10» кудугунда толук бүтүрүү ишин баштады. Жер Ортолук деңизиндеги бургулоочу «Абдүлхамид Хан» кемеси «Ташужу-1» кудугунда бургулоо иштерин улантууда. Ошентип деңиздерибиздеги иш-аракеттерибиз толук ылдамдыкта уланууда».



Тектеш кабарлар