Президент Эрдоган Мардинде ачылыш аземинде сөз сүйлөдү
Эрдоган Мардин аэропортунун атынын Мардин Азиз Санжар аэропорту болуп өзгөртүлөрүн жарыялады.
Президент Режеп Таййип Эрдоган ар бир глобалдык кризис менен дүйнөдөгү саясий жана экономикалык тең салмактуулуктар өзгөргөн сайын Түркиянын жаркыраган жылдызы менен күчтөнүп жатканын айтты.
Президент Эрдоган Мардинде ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө акыркы 20 жылда 48 миллиард лиралык мамлекеттик инвестиция менен Мардинди бардык тармакта колдоп, өнүктүрүшкөндөрүн айтты.
Караман – Адана - Газиантеп ылдам поезд долбоорун Мардинге чейин узарта тургандарын билдирген Эрдоган, 3 миллион жүргүнчүнү ала турган жаңы терминал имаратын курган Мардин аэропортунун атынын Нобель сыйлыгынын ээси профессор доктор Азиз Санжардын аты менен аталарын жана Мардин Азиз Санжар аэропорту болуп өзгөртүлөрүн жарыялады.
Бүгүн 3 мунай скважинасын ачкандарын белгилеген Эрдоган: «Түркия кылымын сиздер менен бирге кура турган 2023 жеңишинен кийин өлкөбүздү биргелешип дүйнөнүн алдыңкы 10 экономикасынын арасына жогорулатабыз»,-деди.
Эрдоган социалдык медиа эсебинен Мардиндин аймактык жана маданий өзгөчөлүктөрү менен шаарга жасалган инвестицияны камтыган видео бөлүштү.
«Түркия кылымы» ыры түрк, күрт, арап жана сурияни тилинде аткарылган видеодо президент да ырдын текстин окуду.
Эрдоган : «Мардин Түркия кылымын бирге курууга жана 2023 - жылы коопсуз, тынч жана гүлдөп өнүккөн Түркияга жол ачууга даяр», - деди.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.