Диярбакырда жардыруу болду

Жардырууда сегиз полиция кызматкери жаракат алды.

1919558
Диярбакырда жардыруу болду

Диярбакырда полициянын атайын күчтөрүн ташыган унаа өтүп бара жатканда болгон жардырууда сегиз полиция кызматкери жаракат алды.

Диярбакыр Мардин автожолунун Йешил Вади мааласында полициянын атайын күчтөрүн ташыган  унаа өтүп бара жатканда жарылуу болду.

Кырдаалдын билдирилишинен кийин окуя болгон жерге көптөгөн саламаттыкты сактоо жана полиция топтору жиберилди.

Жардыруудан жаракат алган сегиз полиция кызматкери ооруканага жеткирилди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу жардырууну аткарган эки кишинин камакка алынганын билдирди. Жаракат алган полициялардын саламаттыгынын жакшы экендиги билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар