Диярбакырда болгон кол салууга карата каршы чыгуулар улантылууда

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун соцтармактан маалымат берди.

1919744
Диярбакырда болгон кол салууга карата каршы чыгуулар улантылууда

Диярбакырда полициянын атайын күчтөрүн ташыган унаа өтүп  бара жаткан учурда болгон жардырууда 8 полиция жана бир жаран жаракат алды.

Диярбакыр Мардин автожолунун Йешил Вади мааласында полициянын атайын күчтөрүн ташыган  унаа өтүп бара жатканда жардыруу болду.

Кырдаалдын билдирилишинен кийин окуя болгон жерге көптөгөн саламаттыкты сактоо жана полиция топтору жиберилди.

Жардыруудан жаракат алган сегиз полиция  кызматкери менен бир жаран ооруканага жеткирилди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу жардырууну аткарган эки кишинин камакка алынганын билдирди. Жаракат алган полициялардын саламаттыгынын жакшы экендиги маалымдалды.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун бул тууралуу соцтармактан маалымат берип : «Диярбакырда болгон террордук кол салууда жаракат алган коопсуздук кызматкерлерибизге жакшы тилектеримди билдирем. Батыраак айыгууларын каалаймын. Кол салууну ишке ашырган террористтер мунун эсебин беришет. Террор менен күрөшүбүздү бардык жактан улантабыз»,- деди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрага орун басары жана партиянын катчысы Өмер Челик да соцтармактан маалымат берип : «Диярбакырда полиция кызматкерлерине карата жасалган кол салууну наалаттайбыз. Диярбакыр полициябызга жакшы тилектеримди билдирем. Диярбакыр энелеринин дуалары алар менен бирге болсун. Диярбакыр тынчтыктын жана коопсуздуктун шаары. Бул кол салууну жасагандар жана анын артында тургандар татыктуу жоопту алышат»,- деди.

Бир тараптан кол салуу тууралуу тергөөнүн негизинде камакка алынгандардын саны бешке жетти.



Тектеш кабарлар