Гректердин ырайымсыздыгы
66 мыйзамсыз мигрант Жээк коопсуздук топтору тарабынан куткарылды.
Чанаккаленин Айважык районунун жээктеринде Грециянын жээк коопсуздук кызматы тарабынан түрк аймактык сууларына кайра сүрүлгөн резина кайыктагы 66 мыйзамсыз мигрант Жээк коопсуздук топтору тарабынан куткарылды.
Жээк коопсуздук командирлигинин топтору, Айважык районун жээгинде куткаруу салдарында мыйзамсыз мигранттар бар деген маалымат боюнча чара көрүштү.
Грециянын Жээк коопсуздук топтору тарабынан Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөн резина кайыктагы мыйзамсыз мигранттар, аймакка барган жээк коопсуздук катерлери тарабынан куткарылды.
Күчүккую жергесиндеги Жээк коопсуздук пунктуна алып барылган мыйзамсыз мигранттар процедураларынан кийин Айважыктагы Чет элдиктерди кайра кайтаруу борборуна өткөрүлүп берилди.
Гректердин ырайымсыздыгын түрк балыкчылары көрүшкөн.