Татарстандын президенти Минниханов Бурсада

Бурсада өткөрүлгөн «Түркия-Татарстан Иш форумуна» катышкан Минниханов, Татарстан катары Түркия менен өз ара пайдалуу туруктуу карым-катнаштарды түзүүгө аракет кылып жаткандарын айтты.

1917973
Татарстандын президенти Минниханов Бурсада

Татарстандын президенти Рүстөм Минниханов түрк инвесторлорунун өз өлкөсүндө өздөрүн коопсуз сезишине чоң маани бергендерин белгилеп, Татарстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты дагы да улантууну каалагандарын айтты.

Бурсада өткөрүлгөн «Түркия-Татарстан Иш форумуна» катышкан Минниханов, Татарстан катары Түркия менен өз ара пайдалуу туруктуу карым-катнаштарды түзүүгө аракет кылып жаткандарын айтты.

Минниханов түрк ишкерлеринин Татарстанга инвестиция салуусу үчүн ар кандай колдоону уланта тургандарын белгилеп: «Биз түрк инвесторлорунун Татарстанда өздөрүн коопсуз сезишине чоң маани беребиз. Түркия менен Орусиянын президенттерине эки өлкөнүн биргелешкен долбоорлорун улантканы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Татарстандын борбору Казан Түркиянын көптөгөн шаарлары менен бир туугандык мамилесин сактап келет. Татарстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты дагы да улантууну максат кылабыз»,-деп айтты.

Өнөр жай жана технология министринин орун басары Хасан Бүйүкдеде 2019-жылы Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын Татарстандагы жолугушууларынан кийин карым-катнаштардын өз ара инвестиция менен өнүгүп, чоң ылдамдыкка ээ болгонунан кубанычта экенин айтты.

Форумда унаа, машина куруу, нефтехимия жана текстиль тармактарында иш алып барган эки өлкөнүн ишкерлери эки тараптуу иш жолугушууларды өткөрүштү.

Татарстандын президенти Минниханов Түркиянын электр унаасы өндүрүлгөн Гемлик районундагы TOGG технологиялык кампусун да кыдырат.



Тектеш кабарлар