Дүйнө жүзү «TRT World Forum 2022ге» назар салды

9-10-декабрда Стамбулда «Келечекти калыптандыруу: Белгисиздиктер, чындыктар жана мүмкүнчүлүктөр» темасы менен өткөрүлгөн «TRT World Forum 2022» соңуна чыкты. Пресс-релиз 10.12.2022

1917449
Дүйнө жүзү «TRT World Forum 2022ге» назар салды
Erdoğan TRT World Forum
cavusoglu trt world forum 2022.jpg
altun trt world forum.jpg
Mehmet Zahid Sobaci trt world forum.jpg
zelenskiy trt world forum.jpg
trt world forum.jpg
trt world forum 2022.jpg

 

 

Дүйнө жүзү «TRT World Forum 2022ге» назар салды

 

  9-10-декабрда Стамбулда «Келечекти калыптандыруу: Белгисиздиктер, чындыктар жана мүмкүнчүлүктөр» темасы менен өткөрүлгөн «TRT World Forum 2022» соңуна чыкты. Эки күн бою глобалдык маселелер талкууланган форумга 40 өлкөдөн 100гө жакын эл аралык белгилүү баяндамачылар катышты.

Бул жылы дүйнөлүк күн тартибине жакын темалар менен дүйнөлүк басма сөздө чоң көңүл бурган TRT World Forum 2022 «Келечекти калыптандыруу: Белгисиздиктер, чындыкта жана мүмкүнчүлүктөр» башкы темасы менен өткөрүлдү. Иш-чарага дүйнөнүн төрт бурчунан окумуштуулар, журналисттер, саясатчылар жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү чогулуп, 11 панелдик талкуу жана 11 тегерек үстөл жыйыны өткөрүлдү. 40 өлкөдөн 100гө жакын эл аралык белгилүү баяндамачы катышкан форумда глобалдык кызматташтыктан лидерликке, тынчтык дипломатиясынан азык-түлүк коопсуздугуна чейин, энергетикалык кризистен климаттын өзгөрүүсүнө, миграциядан исламофобияга, маалымат каражаттары жана санариптештирүүдөн  дезинформацияга чейин бүткүл дүйнөнү кызыктырган орчундуу маселелер талкууланды.

 

«Президент Эрдоган: «TRT World форумунун ийгилик тилкеси жыл сайын көтөрүлүүдө»

Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн президент Эрдоган, коммуникация тармагында иш алып баргандардын сүйлөшүүсү өлкөнү башкаруудан жооптуу саясатчылар үчүн стимул болуп жатканын белгилеп: «Биздин өлкөбүз, аймак жана бүткүл дүйнө үчүн маанилүү пайда алып келген ТРТ World форумунун ийгиликтин тилкесин жыл сайын жогору көтөрүп жатканына мен ишенем»,-деди.

Сөзүнөн кийин ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы Эрдоганга президент Эрдогандын жетекчилигинде кол коюлган жана дүйнө жүзүндөгү азык-түлүк кризисине чечим чыгарган «Дан коридору келишимин» билдирген белекти тапшырды.

Украинанын президенти Зеленский: «Биз Түркиянын дан коридору келишиминде да лидерлигине күбө болдук»

TRT World форумуна түз видео байланыш аркылуу катышкан Украинанын президенти Зеленский азык-түлүк кризисинин өлкөсүнүн тынчтык формуласынын бир элементи экенин белгилеп, Түркия менен президент Режеп Тайып Эрдогандын Украина менен Россиянын ортосундагы туткундарды алмашуусуна жардамдарына абдан ыраазы экендиктерин айтты.

 

Тышкы иштер министри Чавушоглу : «Президент Эрдогандын жетекчилиги болбосо Дан коридору келишими ишке ашмак эмес»

Иш-чаранын экинчи күнүндө ачылыш сөз сүйлөгөн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бул чөлкөмдүн бир тагдыр экенин белгилеп: «Чөлкөмүбүз бизге ар дайым сергек болууга жана ар кандай кагылышуулардын кесепеттерине даяр болууга үйрөттү. Ошентип, биз туруктуу коомго айландык. Эмнеси болсо да жыгылбай, жолубузду улантабыз. Президент Эрдогандын дипломатиялык жетекчилиги болбосо, Дан коридору келишиминин мөөнөтүн узартуу же туткундарды алмаштыруу мүмкүн болмок эмес»,-деп айтты.

 

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтун: «Түркиянын глобалдык келечекке болгон көз карашы жаңы суук согуштун алдын алуу»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркиянын бул мезгилде бүткүл дүйнөгө үлгү боло турган уникалдуу тышкы саясат моделин ортого салганын белгилеп, Түркиянын тышкы саясат моделин мүмкүн кылган негизги өзгөчөлүк стратегиялык жана макулдашуучу лидерлик экенин айтты.

 

ТРТнын башкы директору Собажы: «ТРТнын эл аралык каналдары калыстык менен көрсөтүлүүдө»

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө медиага чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн билдирип: «Медиа уюмдары бүткүл дүйнөдөгү окуялардын, карым-катнаштардын, адамдардын жана маселелердин күзгүсү болушу керек. Кеп алагды болуу эмес, жоопкерчилик маселеси. Бул туура жүргүзүлүшү керек болгон чындык үчүн чын ыкластуу күрөш»,-деди.

 

Эл аралык деңгээлдеги белгилүү баяндамачылар менен глобалдык маселелер талкууланды.

Эки күнгө созулган иш-чарада энергетикалык кризистен глобалдык миграциялык кризиске, азык-түлүк коопсуздугунан исламофобияга чейин көптөгөн темалар эл аралык деңгээлде таанымал жогорку деңгээлдеги баяндамачылардын коштоосунда панелдик талкууларда жана тегерек үстөлдөрдө талкууланды.

БУУнун 75-Башкы ассамблеясынын төрагасы Волкан Бозкыр «Келечекти калыптандыруу: Белгисиздиктер, чындыктар жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу панелде сүйлөгөн сөзүндө: «Түркиясыз НАТО болушу мүмкүн эмес, анткени Түркия кысыктарды көзөмөлдөйт. Президент Эрдоган тарабынан эффективдүү дипломатия жүргүзүлүүдө. Дан коридору келишими жана туткундарды алмашуу сыяктуу маселелер Түркия аркылуу ишке ашты»,-деди.

 

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Д. Тедрос Адханом Гебреисус «Дүйнөнү азыктандыруу: Кризис маалында глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу» панелине видео кайрылуу менен катышты. Гебреисус: «Биз экологиянын бузулушуна алып келген туруктуу эмес өндүрүш жана керектөө практикасын токтотушубуз керек жана кооптуу жана зыяндуу тамак-аштын пайда болуу ыктымалдыгына жол бербешибиз керек»,- деди.

 

«Технологиялык үстөмдүк үчүн глобалдык жарыш: Жасалма интеллект жана киберкоопсуздук доорундагы парадигмалардын өзгөрүшү» деген панелде санариптик медиа боюнча эксперт Глен Гилмор: «Менин оюмча, ар бир адам «жасалма интеллект жарыша куралдануу» терминин абдан жакшы билет жана бул баарыбыз үчүн коркунучтуу болушу керек деп ойлойм. Жасалма интеллект жарыша куралданууга айланды», - деди.

 

«Келечекте лидерлик демилгелерге көбүрөөк муктаждык болот»

SETAнын башкы координатору Бурханеттин Дуран «Чыр-чатакты чечүү жана тынчтыкты куруу: Глобалдык лидерликтин келечегин калыптандыруу» аттуу панелде сүйлөгөн сөзүндө жаңжалдарга түшүнүүнү, чыныгы диалогду жана көп тараптуулукту талап кылган жаңыча мамиле кылуу зарылдыгына көңүлдөрдү буруп, «Түркиянын Тышкы саясаты мындай демилгени колго алуу үчүн жемиштүү пайдубал болду, анткени Түркия Украина жана Орусия менен да жакшы карым-катнаштарды түздү»,-деп өз баасын берди.

 

«Европанын коопсуздугу жана Трансатлантикалык мамилелердин келечеги» сессиясында сүйлөгөн сөзүндө RUSI эл аралык коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору Нил Мелвин Европа Биримдиги жана Европа структурасы трансформацияда экенин белгилеп, «ЕБ кээ бир геосаясий суроолорго жооп бербейт. Бул күчтүү рынок жана маанилүү экономикалык актер, бирок ал тышкы коопсуздук актеру болуу үчүн күрөшүп жатат»,-деди.

 

«ТРТ менен Африка форумун пландаштырып жатабыз»

«Санариптештирүү: Коомдук телерадиоберүү үчүн жагымдуу процесспи?» аттуу Африка телерадиоберүү биримдигинин сессиясына катышкан Африка телерадиоберүү биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Грегуар Нджака санариптештирүүнүн Африкадагы экосистеманы бузуп жатканын баса белгилеп, ТРТ менен кызматташууга киришкендерин жарыялап: «Африка телерадиоберүү биримдигинин Телерадиоберүү биримдиги, биз Алжирде жаңы маалымат агенттигин түзүп жатабыз. Ушул себептен ТРТ менен кызматташууга кубанычтабыз. ТРТ менен бирге Африка медиа форумун пландай баштадык»,-деди.

 

Исламофобияга каршы активист Марван Мухаммед «Бүгүнкү Исламофобия: Оң менен Солдун жакындашуусу» панелинде сүйлөгөн сөзүндө: «ММК адамдардын идеологиясын жана көз карашын калыптандырууда абдан эффективдүү. Адамдар дин жана Ислам жөнүндө биле баштаса, исламофобия жана дискриминация азаят»,-деп айтты.

 

Түркиянын коргоо өнөр жайынын төрага орун басары Сердар Демирел «Түрк коргоо өнөр жайынын трансформациясы жана тышкы саясатка тийгизген таасири» аттуу панелдеги сөзүндө: «Куралдарыбызды сатууда абдан кылдаттык менен иш алып барабыз. Биз курал экспорттоочу өлкө эмеспиз; биз адамдарга алардын суверенитетин сактап калууга жардам берип жатабыз», - деди.



Тектеш кабарлар