Чавушоглу эл аралык карым-катнаштардын жана күн тартибинин тез өзгөрүүдөн өтүп жатканын белгиледи

Мевлүт Чавушоглу Стамбул техникалык университетинде (ITU) өткөрүлгөн конференцияда сөз сүйлөдү.

1917038
Чавушоглу эл аралык карым-катнаштардын жана күн тартибинин тез өзгөрүүдөн өтүп жатканын белгиледи

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эл аралык карым-катнаштардын жана күн тартибинин тез өзгөрүүдөн өтүп жатканын белгилеп, бул өзгөрүүлөргө да жетишүү керектигин айтты.

Мевлүт Чавушоглу Стамбул техникалык университетинде (ITU) өткөрүлгөн конференцияда сөз сүйлөп, ишкердик жана гуманитардык тышкы саясат үчүн талаада жана үстөлдө күчтүү болуу керектигин, Түркиянын тышкы саясатта «Үйдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык» принцибин жактырганын айтты.

Эл аралык карым-катнаштардын жана күн тартибинин тез өзгөрүүдөн өтүп жатканын баса белгилеген Чавушоглу, бул өзгөрүүлөрдүн да артта калбашы керектигин айтты.

Ортомчулукта брендге айланган Түркиянын бул ролду ар башка географияларда аткарганын баса белгилеген Чавушоглу, Орусия менен Украинанын ортосундагы дан келишими жана туткун алмашуунун Түркиянын ортомчулугу аркылуу болгонун эске салды.

Чавушоглу транспорт жана энергетика коридорлорунда байланыштарды түзүшкөндөрүн, заманбап Жибек Жолун кайра кургандарын жана Ортоңку коридорду кайрадан жандандырышкандарын айтты.

Чавушоглу Карабах жеңишинен кийин түрк дүйнөсүнүн алдында жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн пайда болгонуна көңүл буруп: «Түрк дүйнөсүнүн өзүнө болгон ишениминин күндөн-күнгө өсүп жатканын көрүп жатабыз, Карабах жеңишинен кийин бир нерсе болсо «Түркия биз тарапта болот» деген түшүнүк күчөп баратат»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар