Түркиянын авиациядагы ийгилиги

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу 7-декабрь Эл аралык жарандык авиация күнүнөн улам Анадолу агенттигине билдирүү жасады.

1916062
Түркиянын авиациядагы ийгилиги

Түркия жарандык авиацияда дүйнөдөгү эң чоң учуу тармагына ээ өлкө.

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу 7-декабрь Эл аралык жарандык авиация күнүнөн улам Анадолу агенттигине билдирүү жасады.

Дүйнөнүн транзиттик борбору болуу потенциалына эгедер Түркияда 20 жылдан бери авиациялык саясатта жүргүзүлгөн эффективдүү, активдүү жана пландуу инвестициялар менен Евразияда лидер экендиктерин айткан Караисмаиоглу: «Макулдашуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 2003-жылы 50 өлкөдө 60 эл аралык багытка 282 жаңы багытты коштук. Учуу тармагыбызды 2022-жылдын ноябрынан тарта 130 өлкөдө 342 пунктка көбөйттүк. Түрк жарандык авиациясын дүйнөдөгү эң чоң учуу тармагына ээ болгон өлкөгө айланттык»,-деди.

Караисмаиоглу бул мезгилде аэропорттордун санын 26дан 57ге, учак санын 2022-жылдын ноябрь айынан тарта 265 пайыздык өсүү менен 162ден 592ге көбөйткөндөрүн түшүндүрдү.

Дүйнөдө пандемиядан эң көп жабыркаган сектордун авиация экенине көңүл бурган Адил Караисмаиоглу, Түркиянын пандемиядан кийин эң тез калыбына келип, үзгүлтүксүз кызмат көрсөткөн дээрлик жалгыз өлкө экенин белгиледи.

Караисмаиоглу Стамбул аэропортунун өткөн жылы Европадагы жүргүнчүлөр рейтингинде биринчи орунду ээлешинин бул ийгиликтин эң жакшы далили экенин билдирди.



Тектеш кабарлар