Калын: "Түрк дүйнөсү кайрадан биригүүдө"

Калын «Түркия-Казакстан билим берүү кызматташтыгы жана Ахмет Йесеви университетинин дипломатиялык карым-катнаштарынын 30 жылдыгына арналган семинарга» катышты.

1916001
Калын: "Түрк дүйнөсү кайрадан биригүүдө"

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түрк дүйнөсүнүн кайрадан оңоло баштаган стратегиялык, тарыхый жана критикалык мезгилден өтүп жатканын баса белгилеп: «Түрк дүйнөсү кайрадан биригүү менен жаңы горизонтко кирүүдө»-деди.

Калын борбор шаар Анкарадагы Миллет китепканасында өткөрүлгөн «Дипломатиялык карым-катнаштардын 30 жылдыгында Түркия-Казакстан билим берүү кызматташтыгы жана Ахмет Йесеви университети» аттуу семинарга катышты.

Түрк дүйнөсүнүн кайрадан оңоло баштаган стратегиялык, тарыхый жана критикалык мезгилден өтүп жатканына басым жасаган Калын: «Түрк дүйнөсү кайрадан биригип, жаңы горизонтко ачылууда. Жаңыдан аталган жана уюшулган Түрк Мамлекеттери Уюмунун алдыга койгон саясий көз карашы да мунун эң конкреттүү натыйжаларынын бири»,- деди.

Түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана ынтымагы жөн гана мүмкүнчүлүк болбостон эми стратегиялык зарылчылыкка айланганын айткан Калын: «Өзгөчө акыркы мезгилде (Азербайжан Арменияны 44 күндүн ичинде жеңген) Карабах жеңиши, Түрк дүйнөсү үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүктөрүбүздү бириктирсек эмнеге жетише аларыбызды көрсөткөн абдан маанилүү сыймык жана үмүт булагы болуп калды»,-деди.

Орусия-Украина согушунан келип чыккан энергетика жана азык-түлүк кризисинде Түрк дүйнөсү менен Орто Азиянын маанилүү ролду ойной турганын белгилеген Калын: «Анткени дүйнөдөгү энергия запастарынын абдан маанилүү бөлүгү биздин Түрк аймагыбызда жайгашкан»,-деп айтты.

Калын Түрк мамлекеттер уюмунун Түндүк Кипр Түрк Республикасын (ТКТР) байкоочу мүчө катары кабыл алышынын Түрк дүйнөсүнүн жакынкы саясий тарыхында абдан маанилүү бурулуш болгонун баса белгиледи.

Дүйнөдөгү саясий-экономикалык тең салмактуулуктун чыгышка ооп кеткенин жана Түрк дүйнөсүнүн мындан да үлүшүн ала турганын белгилеген Калын, бул үлүштүн энергетика, саламаттыкты сактоо, азык-түлүк, соода, коргоо өнөр жайы, коопсуздук, билим берүү жана башка тармактарда боло турганын билдирди.



Тектеш кабарлар