Фуат Октай : "Египет менен байланыштарыбыз улантылууда"

Фуат Октай Түркия Улуу Улуттук Парламентинде депутаттардын суроолоруна жооп берди.

1911334
Фуат Октай : "Египет менен байланыштарыбыз улантылууда"

Вице  - президент Фуат Октай Египет менен карым- катнаштарды номардаштырууга карата жолугушуулардын эки тараптын жалпы эрки, орток кызыкчылыктары жана бири бирине карата урмат- сыйдын негизинде улантылып жаткандыгын айтты.

Фуат Октай Түркия Улуу Улуттук Парламентинде депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Октай Түркиянын аймактагы кызматташтыгына артыкчылык берген мамиленин Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабия жана Израил менен болгон эки тараптуу карым - катнаштарда жаңы бир мезгилге кирүү менен натыйжалангандыгын белгиледи. «Египет менен мамилелерди нормалдаштыруу үчүн биздин байланыштарыбыз, эки тараптын жалпы эрки, орток кызыкчылыктар жана бири бирин сыйлоонун негизинде уланууда»,- деген Октай : «Өлкөбүздүн, улутубуздун кызыкчылыгы эмнени керек кылса аны аткардык жана аткарып жатабыз. Азербайжандын мекен согушуна эң күчтүү салымыбызды кошуп, андан кийин аймакта ырааттуулук үчүн Армения менен нормалдашуу процессин Азербайжан менен бирдикте колдоп жаткан болсок, столдо да, аянтта кайсы жол улутубуздун кызыкчылыгына боло турган болсо ага карай багыт алууну улантабыз»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар