Шырнак жана Сииртте Эрен блокада күз - кыш - 15 операциясы баштатылды

Операцияга 755 кызматкер катышууда.

1910498
Шырнак жана Сииртте Эрен  блокада  күз -  кыш - 15 операциясы баштатылды

Шырнак жана Сииртте 755 кызматкердин катышуусу менен Эрен блокада күз -  кыш – 15  жандармериянын шейит адис сержанты Фатих Беркай Акгүн операциясы баштатылды.

Ички иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматта ПКК жикчил террордук уюмду өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймактагы террористтерди жок кылуу максатында Шырнак жана Сииртте баштатылган Эрен блокада күз -  кыш жандармериянын шейит, адис сержанты Фатих Беркай Акгун операциясында  Шырнак жандармерия аймактык командирлигинин координациясында жандармериянын десанттык, жандармериянын  атайын операциялары жана коопсуздукту сактоочу топтордон турган 57 оперативдүү топтун координациясында 755 кызматкердин катышканы белгиленди.

Маалыматта операциянын биринчи күнүндө  Габар тоо аймагында жүргүзүлгөн  изилдөө  ишинде 8 үңкүр жана 2 баш калкалоочу жердин аныкталгандыгы билдирилип, 1 RPG-7 ракета аткычтын ок  - дарысы, 1 миномёт ок  - дарысы, 3 артиллериялык ок  - дары, 30 мылтык ок  -  дарысы, 1 дүрбү, 1 рюкзак, 1 уктоочу баштык жана 22 даана ар кандай кийимдер колго түшүрүлүп, 2 террористке таандык  сөөктөрдүн  да табылганы маалымдалды.

Колго түшүрүлгөн материалдардын жок кылынганы, үңкүрлөр менен баш калкалоочу жайлардын жараксыз абалга келгени баса белгиленген билдирүүдө, өлкөдө терроризмди толугу менен жок кылуу үчүн жүргүзүлгөн Эрен блокада күз - кыш операцияларынын ийгиликтүү уланганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар