Беш жаштагы Хасан жерге берилди

Газиантептин Каркамыш районунда террордук уюм ЙПГ/ПКК мүчөлөрү тарабынан Сириянын түндүгүнөн атылган ракеталык минометтордон улам кечээ каза болгон 5 жаштагы Хасан Караташтын жаназасы жерге берилди.

1909522
Беш жаштагы Хасан жерге берилди

Газиантептин Каркамыш районунда террордук уюм ЙПГ/ПКК мүчөлөрү тарабынан Сириянын түндүгүнөн атылган ракеталык минометтордон улам кечээ каза болгон беш жаштагы Хасан Караташтын жаназасы жерге берилди.

Түрк желегине оролгон Хасан Караташтын табыты Газиантеп соттук медицина мекемесиндеги процедуралардан кийин райондун айыл аймагындагы Каранфил айылына алып барылды.

Кичинекей баланын табыты Каранфил мааласында жерге берилди. Хасандын жеңеси беш айлык кош бойлуу Бүшра Караташ да кол салууда оор жаракат алды.

Беш жаштагы Хасандын чоң атасы небересинин азасын күтүп, кол салууда оор жаракат алган беш айлык келининин айыгышын күтүүдө.

Каркамыш райондук борборундагы Окул проспектисиндеги 3 кабаттуу үйдүн 2 -  кабатына террордук уюм тарабынан кечээ атылган ракетанын келип түшүшү менен беш жаштагы Хасан Караташ каза болду.



Тектеш кабарлар