Херсондогу Ахыска түрктөрү Элазыгга жеткирилди

Элазыг губернаторунун орун басары Абдулкерем Аббасоглу, Херсондон эвакуацияланган Ахыска түрктөрүнүн иммиграция башкармалыгынын координациясында аман-эсен Элазыгга жеткирилгенин айтты.

1908470
Херсондогу Ахыска түрктөрү Элазыгга жеткирилди

Орусия менен согуш уланып жаткан Украинанын Херсон шаарынан Түркияга келген 88 ахыска түркү кала турган Элазыгга жетти.

Тышкы иштер министрлиги жана Түркиянын Москвадагы элчилигинин демилгелери менен Херсондон чыгарылган 84 ахыска түркүнөн жана мурда Орусияга өткөн 4 ахыска түркүнөн турган кербен кечээ Грузия менен Түркиянын ортосундагы Сарп чек ара дарбазасы аркылуу өлкөгө киргенден кийин, бүгүн авто жолу менен Элазыгга алып келинди.

Элазыг губернаторунун орун басары Абдулкерем Аббасоглу, Херсондон эвакуацияланган Ахыска түрктөрүнүн иммиграция башкармалыгынын координациясында аман-эсен Элазыгга жеткирилгенин айтты.

Аббасоглу акыркы конвой менен Азадемирташ убактылуу жайгаштыруу борборунда Ахыска түрктөрүнүн санынын 2551 болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар